Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.
            Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Тактап айтканда, 12 933,5 миң сом суммасында тамак-аш үчүн негизсиз компенсация төлөнгөн. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн ишкананын профсоюздук уюмуна - 2 568,4 миң сом бөлүнгөн, натыйжада республикалык бюджеттин чыгымдары болжолдуу 3875,5 миң сомду түздү.

            Текшерүүнүн жыйынтыгында, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жергиликтүү актылары жок болгон учурда, комиссия аралык мезгилде авиациялык персоналга медициналык-учуу экспертизасын жүргүзүү жана медициналык көзөмөл жүргүзүү функцияларын негизсиз аткаргандыгы аныкталды. Натыйжада, медициналык-санитардык бөлүктү күтүүгө негизсиз чыгымдар 17 076,5 миң сомду түзгөн, бул “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын кирешесин төмөн баалоого алып келген.
            Белгилей кетүүчү жагдай, ишкананын кредиттик милдеттенмелери 148,8 миллион сомду түздү, анын негизги бөлүгү Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусунан алынган насыя боюнча милдеттенмелер - 129,7 миллион сом же 2,1 миллион доллар. Ошол эле учурда, Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органы менен тийиштүү келишим жок болгондуктан, 3 жылдын ичинде аэронавигациялык жабдуулар ишке киргизилбей, сатып алууга багытталган 124,0 миң АКШ доллары (болжол менен 9 миллион сом) насыя каражаттарын натыйжасыз жана рационалдуу эмес пайдаланылган.

            Ошондой эле, 11573,0 миң сом суммасында негизсиз чыгымдар белгиленди, анын ичинде: 3989,5 миң сом башкы директордун экономикалык иштер боюнча орун басарын жана аппарат жетекчисин негизсиз тейлөөгө багытталган; 3838,9 миң сом - бекитилген штаттык бирдиктен ашыкча муктаждыкты негиздебей туруп, эмгек келишимдери боюнча кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акысына; 1277,4 миң сом - эмгек өргүүсүнөн чакырылып алынган кызматкерлерге төлөмдөр; 2 467,2 миң сом - Каракол шаардык каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин санын негизсиз ашыра баалоого байланыштуу төлөмдөр. Негизсиз чыгымдардын натыйжасында республикалык бюджетке кирешеден чегерүүлөрдүн көлөмү 2893,5 миң сомго азайган.

            Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматына жөнөтүлдү. Отчет жана жазма буйруктар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына жана Жарандык авиация агенттигине жөнөтүлдү. Маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жиберилди.