Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кумбел айыл өкмөтүндө 3163,0 миң сом өлчөмүндө каржы бузуулар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан   Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүндө Кумбел айылдык Кеңешинин депутаттарынын, Корумду айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата  жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык каржы   бузуулардын жалпы суммасы 3163,0 миң сомду түзгөн, калыбына келтирилүүчүлөрү 2778,5 миң сом. Товардык - материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу  260,2 миң сом болсо,  каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар  жана кемчиликтер 2864,0 миң сомду түздү, анын ичинен: эмгек акыларын негизсиз төлөө 384,5 миң сом; материалдык баалулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгыштоо 2228,9 миң сом; курулуш-куроо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 220,7 миң сом; максатсыз пайдаланылган каражаттар 29,9 миң сом.

 Бюджетке кошумча эсептелинген кирешелер 38,8 миң сом, анын ичинен: салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар 12,5 миң сом жана бюджетке которулууга тиешелүү ижара төлөмдөрү 26,3 миң сом.

        Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин  Ысык-Көл облустук   башкармалыгына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилген.  Айыл өкмөтүнө аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу жана алдын алуу боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.