Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сүлүктү  шаарынын бюджеттик мекемелеринде 1048,0 миң. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

 

            2018-2019-жылдар аралыгында Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 1048,0 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында белгилүү болду.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 1020,6 миң сом акча каражаттары туура эмес сарпталган, анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөөлөр 665,1 миң сом, негизсиз чыгышталган  материалдык баалуулуктар  жана  акча  каражаттары  13,2 миң сом,  сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 5,2 миң сом,  эсептен  дебитордук  аласаны бекитүү жана кредитордук карыздарды кошуп жазуу 337,1 миң сом, бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 3,7 миң сом, Социалдык фондко 5,1 миң сом ашыкча берилип кеткен жана 18,6  миң сомго - товардык-материалдык баалуулуктар кем чыккан.

            Аныкталган финансылык тартип бузуулардын  ичинен өндүрүүгө жатканы  391,9 миң сом болсо, анын  ичинен аудит убагында өндүрүлүп, ордуна коюлганы 79,8 миң сом жана  өндүрүлбөй  калганы  312,1 миң сом.