Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара-Көл  шаарынын бюджеттик мекемелеринде 1121,1  миң. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

 

            2018-2019-жылдар аралыгында Кара-Көл  шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 1121,1 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында белгилүү болду.

             Аудиттин жыйынтыгында негизсиз эмгек акы төлөп берүүлөр 322,7  миң сом, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгыштоолору 231,9 миң сом, дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды көбөйтүүлөр 566,5 миң сомду туздү.  Аудит учурунда аныкталган каржылык чектен чыгуулар 798,4 миң сом эсебинде ордуна коюлду. Мындан сырткары 126,7 миң сом бюджеттик жоготуулар жана резервтер аныкталган.