Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбооруна  КОРУТУНДУСУ.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутундусу (мындан ары – Корутунду) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 72-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

Корутундуну даярдоодо Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы  № 3822-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджеттик резолюциясын жана 2022-2023-жылдарга божомолун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 567 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын                   20-ноябрындагы № 790 “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик  программасы жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун зарылдыгын эске алды.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жалпы мүнөздөмө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары – ММК фонду) параметрлери Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды аткаруу боюнча кабыл алган чечимдерин эске алуу менен түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3-беренесинин                        1-бөлүгүнө жана 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору                2020-жылдын 24-августунда ММК фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине макулдашууга жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин            2020-жылдын 25-августундагы № 01-1/2-9300 каты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтомунун долбоору (бардык тиркемелери менен) министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлдү.

Министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 94-беренесинин                       2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын 24-сентябрындагы № 01-1/1-10864 кат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана                  2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                              18-ноябрындагы № 567 токтому менен жактырылды.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык ММК фондунун 2021-жылга бюджетин кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 433 850,5 миң сом суммасында бекитүү сунушталат. 

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде ММК фондунун бюджетинин болжолдуу параметрлерин 2-тиркемеге ылайык жактыруу сунушталат:

- 2022-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 676 734,4 миң сом суммасында;

- 2023-жылга  кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 952 022,2 миң сом суммасында.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2021-жылга ММК фондуна берилүүчү ассигнованиялардын өлчөмү 11 191 341,7 миң сом суммасында, 2022-жылга 11 415 118,0 миң сом суммасында, 2023-жылга 11 415 118,0 миң сом суммасында белгиленет.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине 2021-жылга берилүүчү каражаттардын көлөмүн 2 598 121,2 миң сом суммасында, 2022-жылга 2 784 150,2 миң сом суммасында, 2023-жылга 2 966 538,9 миң сом суммасында белгилөө сунушталат.

Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде кассалык накталай жүгүртмө акчанын көлөмүн белгилөө сунушталат, ал 2020-жылдын аягында милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын калдыктарынын эсебинен 216 510,1 миң сом суммасында түзүлөт. 

Мыйзам долбоорунун 10-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал/абал учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Мыйзамга өзгөртүү киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдерин кабыл алуу аркылуу  Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана ММК фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүү киргизүү укугун берүү сунушталат.

Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгү менен 2021-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтар үчүн акы төлөө боюнча эсептөөлөр үчүн колдонулуучу базалык ченемдерди 7-тиркемеге ылайык бекитүү сунушталат.

Ошол эле учурда 11-берененин 2-бөлүгүндө базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча эсептик көрсөткүч 2021-жылга калктын киши башына он беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленип, 1500 сомду түзөт.

 

ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолунун негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүү

 

 ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин долбоорунун жана                      2022-2023-жылдарга божомолунун негизги параметрлери ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин параметрлерине салыштырганда жана анын күтүлүүчү аткарылышы төмөнкү таблицада берилген:

(миң сом)

Аталышы

2020-жыл 

 

айырма

 (+,-)

2021-жыл 

 

Божомол

бекитилген

Күтүлгөн аткаруу

% аткарылышы

 

(гр.6-гр.2)

долбоор

2022-жылга божомолу  

2023-жылга божомолу  

1

2

3

4

5

6

7

8

Бардык кирешелер:

16 009 829,9

16 834 859,0

105,2

-575 979,4

15 433 850,5

15 676 734,4

15 952 022,2

Анын ичинде:

 

 

 

 

 

 

 

КР СФнын бюджетинен берилүүчү каражаттар

2 569 655,4

2 123 359,2

82,6

28 465,8

2 598 121,2

2 784 150,2

2 966 538,9

Республикалык бюджеттен ассигнованиялар  

11 116 341,7

13 033 917,8

117,2

75 000,0

11 191 341,7

11 415 118,0

11 415 118,0

Эл аралык уюмдардан трансферттер

175 000,0

194 875,0

111,4

135 800

310 800,0

155 400,0

233 100,0

Жыл башындагы калдык

190 000,0

201 946,6

106,3

53 533,9

243 533,9

232 012,5

247 211,6

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар

1 948 832,8

1 265 816,4

53,5

- 870 779,1

1 078 053,7

1 078 053,7

1 078 053,7

ММК фондунун башка кирешелери  (ММК полисин сатуудан түшкөн киреше)

10 000,0

14 944,0

100,0

2 000,0

12 000,0

12 000,0

12 000,0

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин болжолдонгон кирешесинин жалпы көлөмү 15 433 850,5 мин сомду түзөт (2020-жыга бекитилген кирешелер көлөмүнө салыштырганда 575 979,4 мин сомго, же 3,6 %га аз).

ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин түзүмүндө Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттардын көлөмү жалпы кирешенин 16,8 %ын түзөт, ага ылайык республикалык бюджеттен ассигнованиялар – 72,5 %, акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн каражаттар (анын ичинде кошумча төлөм каражаттары) – 7,0 %, башка келип түшкөн каражаттар – 2,1 % ды түздү.

ММК фондунун бюджетинин кирешесинин болжолдонгон көлөмүндө олуттуу үлүштү республикалык бюджеттен алынган каражаттар түзөт:

- 2021-жылы – 11 191 341,7 миң сом, же кирешелердин жалпы көлөмүндө 72,5 %, жана 2020-жылдын деңгээлинен 75 000,0 миң сомго өсүшү болжолдонууда (гемодиализ кызматын каржылоого);

- 2022-жылы – 11 415 118,0 миң сом, же 2021-жылдын божомолуна карата 223 776,3 миң сомго өсүш менен;

- 2023-жылы – 11 415 118,0 миң сом, же 2022-жылга божомолдун деңгээлинде.

2021-жылга мыйзам долбоорунда республикалык бюджеттин каражаттары төмөнкү иш-чараларга каралган:

- терминалдык баскычтагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган, курч муктаж болгон бейтаптарды жеңилдетилген гемодиализ менен дарылоону камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүгө акы төлөөгө 757 700,0 мин сом суммасында каражат, 2020-жылдын бюджетине салыштырганда 75 000,0 миң сомго көбөйтүү менен;

- калктын социалдык аялуу катмарын милдеттүү медициналык камсыздандырууга 467 688,3 миң сом суммасында каражат, 2020-жылга бекитилген бюджеттин деңгээлинде;

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоого 55 000,0 миң сом суммасында, 2020-жылга бекитилген бюджет боюнча.

Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук реформасын ишке ашыруунун алкагында республикалык психиатриялык ооруканалар үчүн күзөт постторун каржылоого 7 900,0 миң сом суммасында каражат,                     2020-жылдын бюджетине салыштырганда 2 100,0 миң сомго көбөйтүү менен.

Мындан тышкары, ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин долбоорунда баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин, тактап айтканда үй-бүлөлүк медайымдардын, ошондой эле фельдшердик акушердик пункттардын (ФАП) орто медициналык персоналынын, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практика дарыгерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 630 000,0 миң сом көлөмүндө каражат каралган, бул каражат 2020-жылдын көлөмүндө.

Ошону менен бирге, белгилей кетүү керек, 2020-жылдын 11 айына карата бюджетти аткаруунун жыйынтыгында эсептик маалыматтар боюнча жалпысынан бир жылга жогоруда көрсөтүлгөн баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин, тактап айтканда                         үй-бүлөлүк медайымдардын, ошондой эле фельдшердик акушердик пункттардын (ФАП) орто медициналык персоналынын, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практика дарыгерлеринин эмгек акысын жогорулатууга каралган максаттуу каражаттар боюнча 220 431,1 миң сом суммасында каражатты үнөмдөп калуу күтүлүүдө.

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында айкалыштырып иштеген адамдарга бийик тоолуу шартта иш стажысы үчүн эмгек акыга үстөктөрдү жана райондук коэффициенттерди төлөөнү ишке ашыруу үчүн 36 511,7 миң сом көлөмүндө каражат каралган, бул каражат 2020-жылдын көлөмүндө.

ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин жана  2022-2023-жылдарга божомолунун киреше бөлүгү республикалык бюджеттин каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каты менен жеткирилген 2021-жылга контролдук сандардын негизинде пландаштырылды (2020-жылдын 16-июлундагы ММК фондуна кириш №1218), ага ылайык 2021-жылы республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине берилүүчү ассигнованиялар 11 191 341,7 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда, 2020-жылга бекитилген деңгээлден 75 000,0 миң сомго өсүш менен.

Ошону менен бирге белгилей кетүү керек, 2020-жылы республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине кошумча 2 117 576,1 мин сом бөлүнүп берилген, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы                  № 163-б, 2020-жылдын 25-июнундагы № 233-б, 2020-жылдын 27-июлундагы                № 264-б, 2020-жылдын 21-августундагы № 292-б, 2020-жылдын                                    1-сентябрындагы № 302-б буйруктарына ылайык эпидемиянын очогунда же ага теңдештирилген аймактарда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында каржылоо үчүн - 1 192 579,8 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы                     № 213-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын                             15-июнундагы чечиминин негизинде өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган оорулууларды үзгүлтүксүз гемодиализ кызматы менен камсыз кылуу үчүн акы төлөөгө - 75 000,0 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-июлундагы                  № 246-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын                                      2-сентябрындагы чечиминин негизинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга - 300 000,0 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                                     5-октябрындагы № 346-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 14-октябрындагы чечиминин негизинде саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чыгымдарга байланыштуу пайда болгон кредитордук карыздарын жабууга - 300 000,0 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы    № 357-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 16-ноябрындагы чечиминин негизинде жаңы ачылган жана профили өзгөртүлгөн инфекциялык бөлүмдөрдү каржылоого муктаждыктарды жабууга саламаттык сактоо уюмдары үчүн - 110 596,3 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                                  30-ноябрындагы № 388-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин            2020-жылдын 30-ноябрындагы чечиминин негизинде өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн үзгүлтүксүз гемодиализ кызматын көрсөтүүгө акы төлөөгө - 139 400,0 миң сом.

Ошентип, 2020-жылга республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине берилүүчү ассигнованиялардын бекитилген көлөмү кошумча бөлүнгөн каражаттарды эске алуу менен 2 117 576,1 миң сомду түздү, анын натыйжасында такталган көлөм 13 233 917,8 мин сом болду.

2021-жылга карата республикалык бюджеттин каражаттарынан ММК фондунун чыгымдарын каржылоо боюнча бир жылдык муктаждык коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө чыгымдарды эске алуу менен 13 233 917,8 миң сомду түздү.

Ортодогу айырма 1 903 176,1 миң сомду түзөт, коронавирус инфекциясы боюнча пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаалды                       2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу болжолдонгон шартта муну колдонууга болбойт, анткени саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын запасын, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын камсыз кылуу боюнча толук даярдыкты ишке ашыруу мүмкүн эмес.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар

 

Негизги төлөөчү категориялар үчүн 2021-2023-жылдары иштеген калктан милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүү көлөмү “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан 2,0 % белгиленген тарифтин негизинде эсептелген.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан (мындан ары – Социалдык фонд) ММК фондунун бюджетине которулуучу  милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнөн ММК фондунун кирешесинин жалпы көлөмү 2021-жылы 2 598 121,2 мин сом суммасында (болжолдонгон жалпы жылдык кирешенин көлөмүнүн 16,8 % же 2020-жылдын деңгээлинен 28 465,8 мин сомго көп), 2022-жылы – 2 784 150,2 миң сом, (болжолдонгон жалпы жылдык кирешенин көлөмүнүн 17,8 % же 2021-жылдын деңгээлинен 186 029,0 миң сомго көп), 2023-жылы – 2 966 538,9 миң сом (болжолдонгон жалпы жылдык кирешенин көлөмүнүн 18,6 % же 2022-жылдын деңгээлинен 182 388,7 миң сомго көп) пландаштырылган.

ММК фондунун 2021-жылга жана болжолдонуучу мезгилге 2022-2023-жылдарга бюджетинин киреше бөлүгү Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттар боюнча Социалдык фонддун каты менен                          (2020-жылдын 2-сентябрындагы ММК фондунун кириш № 1535) жеткирилген контролдук сандардын негизинде пландаштырылды, аларга ылайык 2021-жылы Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине 2 598 121,2 миң сом көлөмүндө, 2020-жылга бекитилген деңгээлге салыштырганда 28 465,8 миң сом суммасында өсүш менен каражаттардын келип түшүүсү болжолдонууда.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режиминин киргизилгендигинен улам (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                      2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу) жана чакан жана орто бизнес уюмдарынын жана ишканаларынын экономикалык ишмердигинин токтоп тургандыгынын натыйжасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн кем келип  түшүүсү күтүлүүдө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтары боюнча 2021-жылы да ушундай эле кырдаал болжолдонууда.

ММК фонду тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук алынышын текшерүү максатында, камсыздандырылган адамдардын регистрин түзүү жана андагы маалыматтардын тактыгын текшерүү боюнча жетиштүү көзөмөл жүргүзүлбөйт.

Ошондой эле, офицердик курамды, прапорщиктерди, мичмандарды, узак мөөнөттүү аскер кызматчыларын, прокурорлорду жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүн, ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, финансы полициясынын, атайын байланыш кызматынын, бажы кызматынын кызматкерлерин милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен камтуу мүмкүн эмес экендигине көңүл буруу керек.

Жогоруда саналып өткөн кызматкерлердин бардыгы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтылбайт, башкача айтканда мамлекет аларды пенсиялык камсыздоого кепилдик берет, ошол эле учурда жогоруда саналып өткөн мамлекеттик органдар боюнча милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө жаатында кирешенин кирбей калышы же мамлекет тарабынан жогоруда саналып өткөн категориядагы мамлекеттик кызматчылар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн компесацияланбашы белгиленди.

Социалдык фонд Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана башкарууну ишке ашыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын жана пенсиялык камсыздоонун аткаруучу органы болуп эсептелет.

Социалдык фонддун негизги милдеттерине жана функцияларына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында мамлекеттик тарифтик саясаттын негизги багыттарын түзүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү кирет.

Ушуга байланыштуу, Социалдык фонд тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга бардык төлөчүлөр тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында тарифтик саясатты адилеттүү жана текши түзүү функциясы талаптагыдай деңгээлде аткарылбай келет.

Ошондой эле белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” токтому Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнөн 3 % өлчөмүндө каражатты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алып коюшун жокко чыгаруу жана Социалдык фонддун операцияларын 2019-жылдан тартып Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу борборлоштурулган эсепке алууга өткөрүү жаатында аткарылган эмес, аны аткаруу төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк бермек:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууну;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшкөн жыйымдардын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүү болушун.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгынын                 2016-жылдын 25-январындагы № 4 токтому менен “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондун каржылоо тартиби” бекитилген.

Жогоруда аталган Тартиптин 3-пунктуна ылайык ММК фондуна жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну ишке ашыргандыгы үчүн Социалдык фонд чогулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнөн 3 %дан ашпаган өлчөмдө акча каражатын кармап калат, бул каражат Социалдык фонддун административдик чыгымдарын түзүүгө багытталат.

Белгилей кетүү керек, жогоруда көрсөтүлгөн Тартип ченемдик укуктук акт болуп эсептелбейт, ушуну эске алганда Социалдык фонд тарабынан ММК фондуна өткөрүп берүү үчүн арналган камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуу негизсиз жана мыйзамсыз болуп эсептелет.

Ошол эле учурда, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы өзгөрүүгө учурады. Аталган кодекс бюджетти түзүү, карап чыгуу,  бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт.

Мындан тышкары, ушул кодекс менен тиешелүү бюджеттердин кирешелерин түзүү жана чыгашаларын ишке ашыруу процессинде келип чыккан мамилелер аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 76-беренесине ылайык Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоштурууну ишке ашырат жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын жана башка чыгашаларды каржылоону камсыз кылат.

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренеси менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы                    № 137 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” жобонун 20-пунктуна ылайык Социалдык фонддун башкармасынын компетенциялары белгиленген. Анда Социалдык фонддун административдик чыгымдарын түзүүгө багытталуучу, ММК фондуна өткөрүп берүү үчүн арналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнөн финансылык каражаттарды кармап калуу өлчөмүн аныктоо Социалдык фонддун башкармасынын компетенциясына кирбейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы                № 648 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө” токтому менен камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Ошентип, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен 2021-жылга карата берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 598 121,2 миң сом суммасында болуп, 80 378,8 миң сом өлчөмүндө 3 пайызды кармап калуу менен чагылдырылды, мунун өзү бюджеттик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын белгиленген ченемдерин бузуу болуп эсептелет.

 

ММК полисин сатуудан келип түшкөн каражаттар

 

Жогоруда көрсөтүлгөн ММК фондунун бюджетин түзүүчү булактардан тышкары, ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин (мындан ары – ММК полиси) сатуудан түшкөн каражаттар кирет. 2021-жылы ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө ММК полисин берүүдөн 12 000,0 миң сом суммасында каражаттардын келип түшүүсү күтүлүүдө.

ММК полисин берүүдөн 2022 жана 2023-жылдарга каражаттардын келип түшүү көлөмү 2021-жылга болжолдонгон көлөмдө, б.а. 12 000,0 миң сом көлөмүндө.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылбаган адамдар ММК полисин сатып алуу аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм төлөй алышат.

ММК полисин сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                        2012-жылдын 28-фквралындагы № 151 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген ММК полисин наркын эсептөө методикасынын негизинде белгиленген баа боюнча ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө ММК полисинин наркы 1200 сомду түзөт. ММК полисинин жарактуу болуу мөөнөтү ММКга төгүмдөрдү төлөгөн учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин башталат жана 12 календардык ай бою жарактуу болот.

 

ММК фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө талдоо жүргүзүү

 

ММК фондунун 2021-2023-жылдарга бюджетинин чыгашаларын болжолдоо орто мөөнөттүү мезгилге пландаштырылган киреше булактарынан күтүлүүчү келип түшүүчү каражаттарды эске алуу менен жүргүзүлдү жана 2021-жылга 15 433 850,5 миң сом суммасында, 2022-жылга – 15 676 734,4 миң сом, 2023-жылга – 15 952 022,2 миң сом суммасында болжолдонууда.

ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин чыгымдарынын түзүмүндө чыгымдардын эң чоң үлүшүн 98,9 %ын ММК фондунун аймактык башкармалыктары менен түзүлгөн келишимдин негизинде калкка медициналык, профилактикалык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчү Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдары түзөт, алардын суммасы 13 709 306,5 миң сом, анын ичинде болжолдонгон чыгымдар:

  • баштапкы медициналык-санитардык кызмат көрсөткөндүгү үчүн 5 451 436,2 миң сом суммасында;
  • саламаттык сактоо уюмдарынын стационардык деңгээлде кызмат көрсөткөндүгү үчүн 8 257 870,3 миң сом суммасында.

Мындан тышкары, ММК фондунун 2021-жылга бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы терминалдык баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган, курч муктаж болгон, жеке менчик медициналык борборлордо акы төлөнүүчү дарылануудагы бейтаптарды жеңилдетилген дарылоо менен камсыз кылуу үчүн, ошондой эле гемодиализ кызматын алууда бейтаптардын чыгымдарын кыскартуу максатында максаттуу каражаттар каралган,                2021-жылы алардын көлөмү 757 700,0 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Ошондой эле 2021-жылы ММК фондунун бюджетинен саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу үчүн 25 000,0 миң сомду багыттоо болжолдонууда.  

Ошондой эле “Онкологиялык кызматты колдоо фонду” коомдук фондунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсебинде сакталып турган жана эки комплект линиялык тездеткичтерди ташып келүүгө акы төлөөгө арналган каражаттарынын эсебинен 2021-жылдын башында 243 533,9 миң сом суммасында каражаттардын калдыгы болжолдонууда. Жабдууну алып келүү 2020-жылдын аягына пландаштырылууда жана ага ылайык 2021-жылдын башында кымбат турган медициналык жабдууну алып келип, орнотуп жана эксплуатациялоого киргизгенден кийин гана акы төлөө жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден соолук кербени” гранттык долбоору боюнча иш-чараларды ишке ашырууга – Автопоезддер базасында республиканын айылдык жана жетүүгө кыйын болгон аймактарында профилактикалык кароо жүргүзүү, оорулардын баштапкы профилактикасы жана калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоого 155 400,0 миң сом суммасында чыгымдар болжолдонууда.

Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн тандалып алынган стационардык кызмат көрсөтүүчү сегиз саламаттык сактоо уюмунун жугуштуу оорулар бөлүмдөрүн учурдагы оңдоп-түзөөгө чыгымдары 77 700,0 миң сом суммасында болжолдонууда.

Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын сапатын жогорулатуу боюнча Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн (Дүйнөлүк банктын долбоору – ЖНП), Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууга түрткү берүүчү, саламаттык сактоо системасында сапатты жакшыртуу системасынын негизги элементтерин түзүү жана чыңдоо үчүн 77 700,0 миң сом суммасында чыгымдар болжолдонууда.
             Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 77-беренесинин 5-пунктуна ылайык ММК фонду милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары берүүчү медициналык жана алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем болбогон көлөмдө каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу запасын түзө тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоору менен ММК фондунун бюджетинде 2021-жылга 216 510,1 миң сом көлөмүндө, 2022-жылга 232 012,5 миң сом жана 2023-жылга 247 211,6 миң сом көлөмүндө камсыздандыруу запасынын каражаттарын резервге алуу сунушталат. 
Камсыздандыруу запасы деп милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү боюнча түшкөн каражаттардын эсебинен ММК фондунун бюджетинде финансы каражаттарын резервге алуу түшүнүлөт, алар жыл ичинде жаратылыш кырсыгы, кыйроолор, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын финансылык камсыздоосу менен кризистик кырдаалдар келип чыккан учурга, сот органдарынын чечимдери боюнча төлөп берүү зарыл болгондо, ошондой эле республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер өз убагында бөлүнбөй, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин кирешеси жетишсиз болгондо же милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча пландалган каражаттардын көлөмү түшпөй калган учурга резервделет.

Камсыздандыруу запасын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби, ошондой эле ММК фондунун бюджетин түзүү, карап чыгуу, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 “Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген.

 

ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын административдик чыгымдары жана маалыматтык камсыздоого чыгымдары

 

ММК фондунун ишмердигин камсыз кылууга, аппаратты жана анын аймактык башкармалыктарын каржылоого 2021-жылы 148 000,0 миң сом суммасында каражатты багыттоо пландаштырылууда. ММК фондун жана анын аймактык башкармалыктарын каржылоого чыгымдардын үлүшү ММК фондунун бюджетинин чыгымдарынын жалпы жылдык көлөмүнүн                     0,9 %ынын тегерегинде, жана ага ылайык 2021-жылы жана 2022-жылы көрсөтүлгөн чыгымдар ушул эле көлөмдө, б.а. 2020-жылдын деңгээлинде пландаштырылган.

Мындан тышкары ММК фондунун 2021-жылга бюджетинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыз кылууга 21 000,0 миң сом суммасында чыгымдар каралган.

“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында мыйзам долбоорунда ММК полисин өз алдынча сатып алуучу камсыздандырылбаган жарандарга берүү үчүн ММК полисин жана рецептуралык бланктарды  бастырып чыгарууга 2021-жылга 2 000,0 миң сом суммасында каражат каралган.

 

Корутундулар

 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору негизинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына шайкеш келет, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркемелер бекитилген Бюджеттик классификацияга ылайык даярдалган.

Ошол эле учурда, төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:

- ММК фондунун 2021-жылга бюджетинин долбоору республикалык бюджеттин каражаттары боюнча коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө каражаттарды эске албастан түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан гемодиализ кызматын каржылоо үчүн 2020-жылдын башына бекитилген деңгээлден 75 000,0 миң сомго өсүш менен каралган;

- ММК фонду тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн алуунун толуктугун текшерүү максатында камсыздандырылган адамдардын реестринен алынган маалыматтардын калыптанышына жана тактыгына көзөмөл жүргүзүлбөйт жана ММК фонду менен Социалдык фонддун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда ММК боюнча камсыздандырылгандардын саны жөнүндө маалыматтарды салыштырып текшерүү жүргүзүлбөйт;

         - “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана               2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен 2021-жылга карата берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 598121,2 миң сом суммасында болуп, 80 378,8 миң сом өлчөмүндө 3 пайызды кармап калуу менен чагылдырылды, мунун өзү бюджеттик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын белгиленген ченемдерин бузуу болуп эсептелет;

- офицердик курамдын, прапорщиктердин, мичмандардын, узак мөөнөттүү аскер кызматчыларынын, прокурорлордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, финансы полициясынын, атайын байланыш кызматынын, бажы кызматынын кызматкерлеринин милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө жаатында кирешенин кирбей калышы же мамлекет тарабынан жогоруда саналып өткөн категориядагы мамлекеттик кызматчылар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн компесацияланбашы белгиленди.

 

Сунуштар

 

ММК фондунун бюджетинин талаптагыдай жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн 2021-жылга республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине берилүүчү ассигнованиялар боюнча каражаттардын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек.
  2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук келип түшүүсүн камсыз кылуу максатында, ММК фонду менен Социалдык фонддун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда аларга карата камсыздандыруу төгүмдөрү келип түшө турган ММК боюнча камсыздандырылгандардын санын салыштырып текшерүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча чаралар көрүлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын26-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” токтомун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнөн 3 % өлчөмүндө каражатты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алып коюшун жокко чыгаруу жана Социалдык фонддун операцияларын 2019-жылдан тартып Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу борборлоштурулган эсепке алууга өткөрүү жаатында аткаруу камсыз кылынсын, аны аткаруу төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк бермек:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууга;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшкөн жыйымдардын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүү болушуна.

  1. Социалдык фонд тарабынан кармалып калган 146 686,4 миң сом суммасында каражаттын ММК фондунун бюджетине кайтарып берүү маселеси каралсын, анын ичинде 2019-жыл үчүн - 71 745,6 миң сом жана 2020-жыл үчүн - 74 940,8 миң сом, милдеттүү медициналык камсыздандырууга иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын үч пайыз өлчөмүндө каражаттар.
  2. Айрым мамлекеттик органдар тарабынан офицердик курамдын, прапорщиктердин, мичмандардын, узак мөөнөттүү аскер кызматчыларынын, прокурорлордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, финансы полициясынын, атайын байланыш кызматынын, бажы кызматынын кызматкерлеринин милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө же мамлекет тарабынан жогоруда саналып өткөн категориядагы мамлекеттик кызматчылар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн компесациялоо жаатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселеси каралсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын28-сентябрындагы № 451 токтомунун негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана жалпы практика врачтарына индикаторлордун негизинде иштин жыйынтыгы үчүн үй-бүлөлүк медайымдарга акы төлөөгө бюджетте жыл сайын каралган максаттуу бюджеттик каражаттардын натыйжалуу өздөштүрүлүшүнө талдоо жүргүзүлсүн, жогоруда аталган токтомдо2019-жылдын жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн каражат 244 274,6 миң сомду, 2020-жылы 220 431,1 миң сомду түзгөн.