Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  КОРУТУНДУСУ.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна бул корутундусу (мындан ары – Корутунду) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 72-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                         7-беренесине  ылайык иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Корутундуда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ишке ашырылган аудитордук иш-чаралардын натыйжалары колдонулду.

Мыйзам долбоорун түзүү боюнча ишке талдоо жүргүзүлдү, аны түзүүнүн тартибин жана негизги көрсөткүчтөрдүн параметрлерин эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик жана методикалык базанын бар экендиги текшерилди жана абалына баалоо жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 21-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары – ММК фонду) 2020-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча негизги параметрлери 16 009 829,9 миң сом суммасында бекитилген.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык ММК фондунун 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жол-жобосун демилгелейт.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Өкмөт тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору ММК фонду тарабынан 2020-жылдын                                11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине макулдашууга жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин                2020-жылдын 14-сентябрындагы № 01-1/1-10216 кат менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (бардык тиркемелери менен) министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлдү.

Макулдашуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы                  № 01-1/2-10999 каты менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (бардык тиркемелери менен) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жалпы мүнөздөмө

 

            Мыйзам долбооруна ылайык ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин негизги мүнөздөмөлөрүнө төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

1) 1-берене боюнча ММК фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 17 558 033,2 миң сом суммасында бекитилсин, б.а. бекитилген параметрлер (бекитилген бюджет - 16 009 829,9 миң сом) 1 548 203,3 миң сомго көбөйтүлөт;

2) мыйзам долбоорунун 6-беренеси боюнча сунушталат:

- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна өткөрүлүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү 13 233 917,8 миң сом суммасында белгиленсин же бекитилген бюджеттен 2 117 576,1 миң сомго көп (11 116 341,7 мин сом);

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 423 359,2 миң сом суммасында белгиленсин же бекитилген бюджеттен 146 296,2 миң сомго аз (2 569 655,4 миң сом);

- ММК фондунун бюджетинин жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү 319 746,8 миң сом суммасында белгиленсин же бекитилген бюджеттен 129 746,8 миң сомго көп (190 000,0 миң сом).

3) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1,3,4,5 жана 6-тиркемелер ушул мыйзам долбооруна                         1-5-тиркемелерге ылайык редакцияда баяндала тургандыгы сунушталат.

1-тиркеме боюнча алынган расмий трансферттер боюнча кирешени  жалпы суммасы 2 271 528,9 мин сомго көбөйтүү сунушталат, анын ичинде:

- республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар боюнча 2 117 576,1 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бекитилген бюджеттен 146 296,2 мин сомго аз;

- эл аралык уюмдардан трансферттер боюнча (гранттар) 300 249,0 миң сом суммасында тактоо жүргүзүү сунушталат.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн салыксыз эмес кирешелерди-келип түшүүчү каражаттарды 858 016,4 миң сомго азайтуу сунушталат.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн булактары боюнча сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкү маалыматтар менен мүнөздөлөт:

  1. Республикалык бюджеттен алынган каражаттар боюнча бекитилген бюджеттин параметрлери 11 116 341,7 мин сом суммасында болгон, мыйзам долбоору менен төмөнкү милдеттенмелерди аткаруу үчүн 13 233 917,8 миң сом суммасында бекитүү же 2 117 576,1 мин сомго көбөйтүү сунушталат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 163-б, 2020-жылдын 25-июнундагы № 233-б, 2020-жылдын                         27-июлундагы № 264-б, 2020-жылдын 21-августундагы № 292-б, 2020-жылдын 1-сентябрындагы №302-б буйруктарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги №3683-VI токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 29-июнундагы, 2020-жылдын 21-августундагы жана 2020-жылдын 2-сентябрындагы чечимдерине ылайык бөлүнгөн, эпидемиянын очогунда же ага теңдештирилген аймактарда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында каржылоо үчүн 1 192 579,8 миң сом суммасындагы каражат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 213-б, 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 388-б буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 15-июнундагы жана 2020-жылыдн                             30-ноябрындагы чечимдеринин негизинде өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган оорулууларды үзгүлтүксүз гемодиализ кызматы менен камсыз кылуу үчүн акы төлөөгө бөлүнгөн 214 400,0 мин сом суммасындагы каражат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-июлундагы № 246-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын                             2-сентябрындагы чечиминин негизинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга 300 000,0 мин сом суммасындагы каражат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                                  5-октябрындагы № 346-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 14-октябрындагы чечиминин негизинде саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чыгымдарга байланыштуу пайда болгон кредитордук карыздарын жабууга 300 000,0 мин сом суммасындагы каражат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 357-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 16-ноябрындагы чечиминин негизинде жаңы ачылган жана профили өзгөртүлгөн инфекциялык бөлүмдөрдү каржылоого 110 596,3 миң сом суммасындагы каражат.

Ошентип, республикалык бюджеттен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин 2020-жылга бекитилген көлөмү кошумча бөлүнгөн каражаттарды эске алуу менен 2 271 528,9 миң сомго көбөйдү, жыйынтыгында такталган каражаттардын көлөмү 13 233 917,8 миң сомду түздү.

  1. Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүн 2 423 359,2 миң сом суммасында тактоо сунушталат, бул бекитилген бюджеттен 146 296,2 миң сомго аз, жыл аягына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүнүн кем келип  түшүүсү күтүлүүдө. Мындай азайтуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан  COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режиминин киргизилгендигинен улам (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                        2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу) жана чакан жана орто бизнес уюмдарынын жана ишканаларынын экономикалык ишмердигинин токтоп тургандыгынын натыйжасында жүргүзүлдү.
  2. 2020-жылдын аягына чейин ММК фондунун аккумуляциялык эсебине эл аралык финансылык уюмдардан 300 249,0 миң сом суммасында каражаттардын келип түшүүсү күтүлүүдө.

Төмөнкү уюмдардан каражаттардын келип түшүүсү болжолдонууда:

- 41 000,0 миң сом суммасында;

- Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча стационардык кызмат көрсөтүүчү сегиз саламаттык сактоо уюмунун жугуштуу оорулар бөлүмдөрүн оңдоп-түзөө боюнча иш-чараларды каржылоого 62 004,4 миң сом суммасында;

- Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча  (Жыйынтыктарга негизделген программа - ЖНП) Жыйынтыктарга негизделген программаны ишке ашыруунун биринчи жылынын даярдык көрүүчү иш-чараларын каржылоо үчүн авансылык төлөм катары келип түшкөн 197 244,6 миң сом суммасында каражат.

  1. Салыксыз эмес кирешелердин көлөмүн 858 016,4 миң сомго азайтуу менен тактоо боюнча.

ММК фондунун 2020-жылга бекитилген бюджетинде акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн 1 948 832,8 миң сом көлөмүндө каражаттардын келип түшүүсү күтүлүүдө, анын ичинде 577 091,5 миң сом суммасында кошумча төлөм каражаттары.

Акы төлөнүүчү медициналык жана медициналык эмес кызматтарды көрсөтүүдөн кирешелердин келип түшүүсү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөргө саламаттык сактоо уюмдары боюнча тактоо жүргүзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы  № 107-б «2020-жылдын 1-январына карата абалы боюнча Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги каражаттардын калдыктарынын эсебинен саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө» буйругуна ылайык  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги чечими менен  Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги каражаттардын өтмө калдыктарынын суммасына  кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоо жүргүзүлдү, 2020-жылдын башына карата 273 208,6 миң сом суммасында, анын ичинде кошумча төлөм каражаттары 28 222,8 миң сом, атайын эсептердеги каражаттар 48 105,6 миң сом жана ММК фондунун бюджетинин каражаттары 196 880,2 мин сом.

Такталган бюджетте акы төлөнүүчү медициналык жана медициналык эмес кызматтарды көрсөтүүдөн кирешелердин келип түшүүсү 1 265 816,4 миң сом көлөмүндө болжолдонууда, анын ичинде кошумча төлөм каражаттары 384 042,2 миң сом. Башкача айтканда, кошумча төлөм жана атайын эсептерде эске алынган каражаттар боюнча кирешелердин келип түшүү болжолу бекитилген бюджеттен 665 932,4 миң сомго азайтуу менен такталды.

Ага ылайык, кошумча төлөм каражаттары боюнча ММК фондунун бюджетинин параметрлери 193 049,3 миң сомго азайтылуу менен, 384 042,2 миң сом суммасында такталды.

ММК фондунун такталган бюджетинде саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептеринин каражаттары боюнча сумма 1 071 741,3 миң сомду түздү, ага ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги жыл башындагы калдыктар боюнча тактоо жүргүзүүнү эске алуу менен, анын көлөмү 598 858,2 миң сомду түздү, пландуу көрсөткүчтөр 472 883,1 миң сом суммасында азайтылды.

Жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү COVID-19 пандемиясына байланыштуу келип чыкты, апрель айынан тартып акы төлөнүүчү медициналык жана медициналык эмес кызматтарды көрсөтүүдөн кирешелердин келип түшүүсү олуттуу кыскарды. Ошондой эле, белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК фондунун 2020-жылдын 8-июнундагы №386 жана 2020-жылдын 9-июнундагы №175 «Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында коронавирус инфекциясын дарылоо жана контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан дарыланып чыккан учурларга акы төлөөнүн тартибин өркүндөтүү жөнүндө» биргелешкен буйругунун негизинде, обсерваторлордо, изоляторлордо жана башка COVID-19 илдетин дарылоо үчүн профили өзгөртүлгөн башка бөлүмдөрдө коронавирус инфекциясын дарылоо жана контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүүгө байланыштуу ооруканага жаткырууда кошумча төлөм алынбайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-майындагы № 172-б буйругуна ылайык «Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондунан келип түшкөн 478 245,6 миң сом суммасында каражат боюнча салыксыз эмес кирешелер эске алынат. Анын ичинде 120 763,9 мин сомду жыл аягына чейин чыгымдоо күтүлүүдө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсебиндеги пайдаланылбаган каражаттын калдыгы сом менен 282 916,0 миң сом эсебинде кезектеги бюджеттик жылга өтөт. Бул каражаттардын көлөмү бекитилген бюджеттен 17 084,0 миң сом суммасында азайтылуу менен такталды. 

 Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар боюнча ММК фондунун 2019-жылдын 26-августундагы № 249 «Онкологиялык кызматты колдоо фонду»  коомдук фондунун каражаттарын конвертациялоо жана эсепке алуу жөнүндө»  буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 1-августундагы № 85-П «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 52-II буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсеби боюнча Иш регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсебинде сакталып турган эки комплект линиялык тездеткичтерди ташып келүүгө акы төлөөгө арналган 282 916,0 миң сом суммасында тактоо жүргүзүлдү.

Ушуларды эске алуу менен, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн кирешелердин келип түшүүсү боюнча такталган бюджет 1 265 816,4 миң сомду түздү, бул бекитилген бюджеттин көрсөткүчүнөн 683 016,4 миң сомго аз, мунун өзү кошумча төлөм каражаттары боюнча (-193 049,3 миң сом), атайын эсептердеги каражаттар боюнча (-472 883,1 миң сом) пландуу көрсөткүчтөрдү тактоону эске алуу менен жана онкологиялык кызматты колдоо фондунун каражаттарын (-17 084,0 миң сом) эске алуу менен такталды.

Ыктыярдуу трансферттер жана мамлекеттик сектордун бирдиктеринин гранттары боюнча бекитилген бюджеттеги сумма 175 000,0 миң сомду түздү, 2020-жылы бюджетти аткаруунун жүрүшүндө жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде, ММК фонду тарабынан ыктыярдуу трансферттер боюнча гранттык каражаттардын келип түшүүсүн такталган бюджеттин киреше бөлүгүндө «эл аралык уюмдардан трансферттер» расмий трансферттер катары чагылдыруу тууралуу  чечим кабыл алынды. Ушщуга байланыштуу бул позицияда каражаттардын көлөм бюджеттин киреше бөлүгүндө эл аралык уюмдардан алынган трансферттер катары өттү жана такталды.

Кассалык накталай жүгүртмө акча

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                       2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси менен кассалык накталай жүгүртмө акчанын көлөмү 2020-жылдын башына карата 190 000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилген.

Иш жүзүндө ММК фондунун 2019-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча ММК фондунун эсебинде каражаттардын калдыгы 129 746,8 миң сомду түздү.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы №235-б «2020-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аккумуляциялык эсебиндеги максаттуу каражаттардын калдыктарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде ММК фондунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 129 746,8 миң сом өтмө калдыктардын суммасына көбөйдү, анын ичинде:

- 120 763,9 миң сом «Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондунан келип түшкөн максаттуу каражаттардын калдыгы;

- 3 078,4 миң сом саламаттык сактоо уюмдарын колдоого жана өнүктүрүүгө каралган каражаттардын калдыгы;

- 1 741,4 миң сом 2019-жылы ММК полисин такталган пландан ашык сатуудан келип түшкөн каражаттардын калдыгы; 

- 565,7 миң сом 2019-жылы Колумбия университетинин эл аралык долбоорунан (ICAP долбоору) такталган пландан ашык келип түшкөн каражаттардын калдыгы; 

- 2 339,7 миң сом 2019-жылы саламаттык сактоо системасында жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча Донорлордун көп тараптуу трасттык фондунан келип түшкөн каражаттардын калдыгы;

- 464,1 миң сом 2020-жылдын башында ММК фондунун аймактык башкармалыктарын каржылоого каралган чыгымдар боюнча каражаттардын калдыктары;

- 793,7 миң сом 2019-жылы ММК фондунун башка кирешелеринен келип түшкөн каражаттардын калдыгы.

Иш жүзүндө ММК фондунун 2020-жылга бюджетин аткаруунун жыйынтыгы боюнча ММК фондунун эсебиндеги каражаттардын калдыгы 319 746,8 мин сомду түздү, 2020-жылдын башына калдык түрүндө өткөн каражаттар, аларды такталган бюджетте бекитүү сунушталат. 

 

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү

 

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүндө 1-тиркемеге ылайык чыгымдарды жалпы суммасы 1 548 203,3 миң сомго көбөйтүү сунушталат (такталган бюджетте 16 009 829,9 миң сом) же такталган бюджетти чыгымдар боюнча 17 558 033,2 миң сом суммасында бекитүү сунушталат, анын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебинен:

  • товарларды жана кызматтарды пайдалануу боюнча 1 560 920,5 миң сом суммасында көбөйтүү;
  • 12 717,2 миң сом суммасында азайтуу, анын ичинде:

- Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр боюнча 815,5 миң сомго;

- Товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча 935,0 миң сомго;

- Негизги фонддор боюнча 10 966,7 миң сомго.

Чыгымдар боюнча тактоолор негизинен бюджетти аткаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү, иш сапарларга кеткен чыгымдарды жана негизги фонддор боюнча сатып алууларды тактоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө кырдаал режиминин киргизилгендигинен улам приоритеттүү эмес чыгымдарды кыскартуу жана каражаттарды үнөмдөө боюнча мораторийдин киргизилишине байланыштуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу) ММК фондунун борбордук аппаратын жана аймактык башкармалыктарын каржылоо боюнча жүргүзүлдү.

Ошентип, ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген параметрлери жалпысынан 1 548 203,3 миң сомго жогорулайт, ошол эле учурда ММК фондунун бюджетинин чыгымдар боюнча параметрлери 1 548 203,3 миң сомго жогорулайт.

 

1-таблица                                                                                                                 (миң сом)

 

2020-жылга бекитилген бюджет

2020-жылга такталган бюджет

Айырма

(+,-)

1

2

3

4

КИРЕШЕЛЕР

 

 

 

Республикалык бюджеттин каражаттары

11 116 341,7

13 233 917,8

2 117 576,1

Социалдык фонддун бюджетинин каражаттары

2 569 655,4

2 423 359,2

- 146 296,2

Салыксыз эмес кирешелерден келип түшкөн каражаттар

2 123 832,8

1 265 816,4

- 858 016,4

Эл аралык уюмдардан трансферттер  

 

300 249,0

300 249,0

Жыл башындагы калдык

190 000,0

319 746,8

129 746,8

Башка кирешелер (анын ичинде ММК полиси)

10 000,0

14 944,0

4 944,0

Бардык Кирешелер

16 009 829,9

17 558 033,2

1 548 203,3

ЧЫГАШАЛАР

 

 

 

Медициналык кызматтар (ССУ)

15 351 492,8

17 009 755,6

1 658 262,8

Камсыздандыруу запасы

200 337,1

 

- 200 337,1

«Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондунун каражаттары

300 000,0 

403 679,9

103 679,9

ММК фондунун административдик чыгымдары жана маалыматтык камсыз кылууга чыгымдар

158 000,0

144 597,7

- 13 402,3

Бардык чыгашалар

16 009 829,9

17 558 033,2

1 548 203,3

 

ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калуу тобокелдиги

 

ММК фондунун 2020-жылдын 11 айына карата бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндө республикалык бюджеттен каражаттар боюнча келип түшкөн сумма 11 973 757,3 мин сомду түздү, план боюнча 12 307 555,9 миң сом же жогоруда көрсөтүлгөн сумма пландан 333 798,6 мин сомго аз (97,3 %).

Социалдык фонддун бюджетинен 11 айдын жыйынтыгы боюнча келип түшкөн каражат 1 841 500,0 миң сомду түздү (79,7 %), план боюнча              2 306 765,6 миң сом, 465 265,6 мин сомго кем келип түштү.

 2-таблица                                                                                                                 (миң сом)

 

План

Факт

Аткарылышы % менен

Айырма

Республикалык бюджет

Январь

926 361,8

850 500,0

91,8

-75 861,8

Февраль

926 361,8

750 000,0

81,0

-176 361,8

Март

926 361,8

750 000,0

81,0

-176 361,8

Апрель

926 361,8

1 210 000,0

130,6

283 638,2

Май

1 060 195,4

1 071 309,0

101,0

11 113,6

Июнь

1 093 147,8

960 195,4

87,8

-132 952,4

Июль

1 626 361,8

1 647 677,4

101,3

21 315,6

Август

926 361,8

1 121 873,6

121,1

195 511,8

Сентябрь

1 793 322,0

1 291 873,6

72,0

- 501 448,4

Октябрь

1 065 761,8

1 310 164,2

122,9

244 402,4

Ноябрь

1 036 958,1

1 010 164,1

97,4

-26 794,0

Декабрь (болжол)

926 361,8

1 060 160,4

114,4

133 798,6

Жыйынтыгы

13 233 917,8

13 033 917,7

98,5

-200 000,0

Социалдык фонддон ММК каражаттары

Январь

214 137,9

145 500,0

68,0

-68 638,0

Февраль

214 137,9

214 000,0

100,0

-138,0

Март

214 137,9

214 000,0

100,0

-138,0

Апрель

214 137,9

100 000,0

46,7

-114 138,0

Май

214 137,9

170 000,0

79,4

-44 138,0

Июнь

214 137,9

150 000,0

70,0

-64 138,0

Июль

214 138,0

135 000,0

63,0

-79 138,0

Август

214 138,0

150 000,0

70,0

-64 138,0

Сентябрь

214 138,0

180 000,0

84,0

-34 138,0

Октябрь

165 386,2

110 000,0

66,5

-55 386,2

Ноябрь

214 138,0

273 000,0

127,5

58 862,0

Декабрь (болжол)

116 593,6

273 000,0

234,1

156 406,4

Итого

2 423 359,2

2 114 500,0

87,2

- 308 859,2

Всего

15 657 276,9

15 148 417,7

96,8

- 508 859,2

 

Ошентип, ММК фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнө талдоо жүргүзүү боюнча учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү менен республикалык бюджет тарабынан кирешелердин толук келип түшпөй калуу тобокелдиги байкалат, мында жылдын жыйынтыгы боюнча божомолдо 200 000,0 миң сом мамлекеттик каражаттардын келип түшпөй калуу шартында  бюджетти толук көлөмдө аткаруу мүмкүн эмес.

Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү ММК каражаттары боюнча ушундай эле кырдаал байкалууда, мында 146 296,2 миң сомго азайтуу менен такталган бюджетте, болжолдуу түрдө 308 859,2 миң сом каражаттын келип түшпөй калуу тобокелдиги бар, мунун өзү 2020-жылдын декабрында камсыздандыруу төгүмдөрүн толук чогултууну ишке ашыруу үчүн салык кызматына кыйынчылыктарды жаратат.

 

Корутундулар

 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору негизинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына шайкеш келет, Мыйзам долбооруна тиркемелер бекитилген Бюджеттик классификацияга ылайык даярдалган.

Ошол эле учурда төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:

- республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиялар боюнча бекитилген параметрлердин 1/5 айлык көлөмүнүн суммасында кем каржылануу тобокелдиги бар;

- жыл сайын акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын көлөмү жогорулатылган көлөмдө болуп, жыл ичинде мурда болжолдонгон көлөмдү келип түшпөй калган суммага азайтуу менен такталат;

- Коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 2020-жылдын 12-мартындагы № 20-32 чечимин аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдын 30-мартындагы № 209 жана № 126 «Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында коронавирус инфекциясын дарылоо жана контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан дарыланып чыккан учурларга акы төлөө жөнүндө» биргелешкен буйругунун негизинде, мыйзам долбоорунда камсыздандыруу запасын түзүүгө (толуктоого) каралган                     190 000,0 миң суммасында каражатты COVID-19 илдети боюнча дарыланып чыккан учурларды каржылоого багыттоо сунушталат;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана                            2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен 2020-жылга берилүүчү каражаттардын көлөмү 2 423 359,2 миң сом суммасында 74 940,8 миң сом өлчөмүндө 3 пайызды кармап калуу менен чагылдырылды, мунун өзү бюджеттик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги              № 2397-VI токтому менен бекитилген 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын белгиленген ченемдерин бузуу болуп эсептелет.

 

Сунуштар

 

ММК фондунун бюджетинин талаптагыдай жана сапаттуу тактоону жана аткарууну, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн толук пландоону камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр сунушталат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- учурдагы жылдын аягына чейин ММК фондунун бюджетине республикалык бюджеттен ассигнованиялардын бөлүнүшү жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук көлөмдө келип түшүүсү жаатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча тиешелүү контролдоону камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 токтомунун негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана жалпы практика врачтарына индикаторлордун негизинде иштин жыйынтыгы үчүн                        үй-бүлөлүк медайымдарга акы төлөөгө бюджетте жыл сайын каралган максаттуу бюджеттик каражаттардын натыйжалуу өздөштүрүлүшүнө талдоо жүргүзүлсүн, жогоруда аталган токтомдо 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн каражат 244 274,6 миң сомду, 2020-жылы - 220 431,1 миң сомду түзгөн;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын                              26-апрелиндеги № 2397-VI «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнөн 3 % өлчөмүндө каражатты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алып коюшун жокко чыгаруу жана Социалдык фонддун операцияларын 2019-жылдан тартып Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу борборлоштурулган эсепке алууга өткөрүү жаатында аткаруу камсыз кылынсын, аны аткаруу төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк бермек:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууга;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшкөн жыйымдардын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүү болушуна.

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан кармалып калган 146 686,4 миң сом суммасында каражаттын ММК фондунун бюджетине кайтарып берүү маселеси каралсын, анын ичинде 2019-жыл үчүн - 71 745,6 миң сом жана 2020-жыл үчүн - 74 940,8 миң сом, милдеттүү медициналык камсыздандырууга иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын үч пайыз өлчөмүндө каражаттар.

  1. ММК фонду саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептеринин каражаттары боюнча каражаттардын келип түшүүсүн контролдоону камсыз кылсын жана мындан ары алардын реалдуу келип түшүүсүн эске алуу менен акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн каражаттардын көлөмүн болжолдоону ишке ашырсын, ошондой эле, 2020-жылдын аягына чейин Бюджетти аткарууда 2019-жылга ММК фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарын эске алуу зарыл.