Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Марипов Ала-Арча  мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин жыйынына катышты.

    Күн тартибинде саламаттыкты сактоо тармагында, аны менен бирге коронавирус илдетине каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууда коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери, жеке ишкерлердин укуктарын коргоо тармагындагы мыйзамдуулуктун абалы, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, укук коргоо органдарында катталан жазык иштеринин тергөөдөгү абалы талкууланды.

    Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынды.