Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Балыкчы  шаарынын бюджеттерине  жүргүзүлгөн аудиттерде 1158,7 миң сом суммасында  каржылык бузуулар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2020-жылга карата аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Балыкчы шаарынын  2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн   аудиттин   жыйынтыгы   менен табылган баардык каржы бузуулар  1158,7 миң сомду түзгөн, анын ичинен калыбына келтирилүүчүлөрү 1065,1 миң сом. Калыбына келтирилгени 300,6 миң сом. Товардык – материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу 39,4 миң сомду түздү. Ал эми, каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 1119,3 миң сом, анын ичинен:

- эмгек акыларынын негизсиз төлөмдөрү 93,6 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 764,5 миң сом;

- жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 256,1  миң сом;

- Кошумча эсептелинген Соцфонддун кирешелери 5,1 миң сом.

 Аныкталган бюджеттик камдар жана жоготуулары 233,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары 102,7 миң сом, башка бюджеттик камдар жана жоготуулары 130,6 миң сомду түзгөн (130,6 мин сом калыбына келтирилген).

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 272,8 миң сомду түзгөн.

            Көрсөтүлгөн ири суммадагы каржы бузуулар төмөнкү мекеме жана ишканаларда  аныкталган:             Балыкчы шаардык мэриясында эмгек акыларынын негизсиз төлөмдөрү 93,6 миң сомду түзүп, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 100-беренесин  жана 107-беренесин  бузууга жол берилген.

            Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын-облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө» Жобосунун 8-пунктун бузууга жол берилген, резервдик фонддун каражаттарынын эсебинен 272,8 миң сому рационалдуу эмес пайдаланылган.

            Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 904,8 миң сомду түзгөн. Муниципалдык менчиктин ижарасы үчүн ижара акысы боюнча бухгалтердик эсептен 135,2 миң сомдук дебитордук карыз жаап жашырылган. Аудит учурунда тиешелүү бухгалтердик өткөрүүлөр жүргүзүлүп, баланска кирештелди. Кошумча эсептелинген Социалдык фонддун кирешелери 5,1 миң сом өлчөмүндө калыбына келтирилген.

              Балыкчы шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүндө аныкталган бюджеттик камдар жана жоготуулар 130,6 миң сом өлчөмүн түзүп, аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген.

  Балыкчы шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасында аныкталган каржы бузуулар жалпы 160,3 миң сомду түзгөн. Анын ичинен: товардык – материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу  39,4 миң сом өлчөмүндө.  Аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 120,9 миң сомду түзгөн, Аудиттин жүрүшүндө тийиштүү бухгалтердик өткөрүүлөр жүргүзүлүп, дебитордук карыздар баланска кабыл алынды.

             Балыкчы шаардык “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасында, электр энергиясын лимиттен ашык пайдалануу 100,3 миң сомду же 40,1 миң кВт/саатты түзгөн.

               Балыкчы шаардык прокуратурасына  Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында  506,7 миң сомго жана «Балыкчы шаарынын дене тарбия жана спорт” бөлүмүндө 198,5 миң сомго көтөрмөлөнгөн курулуш-куроо иштеринин көлөмүн калыбына келтирбегендиги боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлгөн.

             Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.