Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 3 –декабрында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага - Улукбек Асамидинович Марипов, аудиторлор: Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Айжан Медетовна Садыркулова, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников,  Акылбек Тогузбаевич Тумонбаев, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.  

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор А.С. Султанкулов, А.Т. Байгазаков жана З.А. Сатаев тарабынан сунушталган аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй материалдар  каралды:

1. “Кыргыз Республикасынын 2020- жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана 2021-2022 жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата корутунду жөнүндө. 

2. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата корутунду жөнүндө.

3. 01.01.2017-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.

4. 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунда бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.

5. 2016 жана 2018-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жөнөтүлгөн жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө маалымат.  

6. 2019-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” Ачык акционердик коомуна жөнөтүлгөн жазма буйруктун аткарылышы жөнүндө маалымат.

Маселелерди кароого тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө чыгып сүйлөөлөрдү угуп, Кеңештин мүчөлөрү кун тартибиндеги маселелерди талкуулашты жана аудиттин жыйынтыгы боюнча сын-пикирлерин айтышты.

Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар тиешелүү малекеттик органдарга жөнөтүлөт.