Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү.

 

Ага Кеңештин мүчөлөрү төрага - Улукбек Асамидинович Марипов, аудиторлор: Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Айжан Медетовна Садыркулова, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников,  Акылбек Тогузбаевич Тумонбаев, Зарылбек Апасович Сатаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.  

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери видео конференция аркылуу түз байланышта катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор А.Т. Байгазаков жана А.Т. Түмөнбаев тарабынан сунушталган аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй материалдар  каралды:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана алардын 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, ошондой эле 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын   республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу   отчет жана “2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна корутунду.

 Маселелерди кароого тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө чыгып сүйлөөлөрдү угуп, Кеңештин мүчөлөрү республикалык бюджеттин кошумча ресурстарынын маселелерин талкуулашты жана аудиттин жыйынтыгы боюнча сын-пикирлерин айтышты.

Отурумдун аягында Кеңештин мүчөлөрү 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу отчетун карашты.

Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн.