Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнө мамлекеттик инспектор (курулуш боюнча) (ГБ) - 1 бирдик.

 Квалификациялык талаптар:

 1.  Кыргыз Республикасынын жарандыгы

2.  Кесиптик билим деңгээли

- инженердик-курулуш иштери жаатында жогорку кесиптик билими;

- инженердик-курулуш иштеринде мамлекеттик квалификациялык сертификаттарынын болушу (жакшы болмок).

3. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

4. Кесиптик компетенциялары

1) Билими:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:  “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; “Республикалык бюджет жөнүндө” (тиешелүү жылга карата); “Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”;  “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамынын негизи жөнүндө”; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”.  

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы №12 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн документтерди берүү жана Кыргыз Республикасында курулуп бүткөн курулуш объекттеринин шайкештигин баалоо жөнүндө жобо;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

- Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы №01-3/96 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы №01-08/60 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

2) Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү. Чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

3) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларга ээ болуу (Word, Excel, "TOKTOM Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук тутуму), анын ичинде:

 -    Бет ачарларды уюштуруу;

-     Тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

-           Издөө тутумун пайдалана билүү;

-    кызматтык этиканын ченемин эсепке алуу менен, социалдык тармактарда туура өз ара аракеттешүү;

-    маалыматтарды таблица, графика жана диаграмма түрүндө берүү;

-    уюмдун веб-конференц-байланыш тиркемесин пайдалануу;

-    видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени пайдалануу;

-    антивирустук программаны пайдалануу;

-    шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо;

-    логин жана шарттуу белгини орнотуу;

-   компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

4. Билгичтиги:

-  мониторингге талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо,   актуалдуу көйгөйлөрдү контролдоо;

- тез арада чечим кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик алуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- өз ишин жана натыйжалуу пландаштыруу;

 - башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

 - командада иштөө.

  5.  Ыкмалары:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-  маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

-  ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо;

 -  ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу; 

- кызматтык каттарды жана ишкердик кат алышууларды мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо.

 

 Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди көрсөтүү зарыл:

 

1) өздүк арыз (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

2) кадрдын эсепке алуу боюнча барагы 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен  (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

3) автобиография (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

4) резюме 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен;

5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6) нотариус тарабынан же иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө дипломдун, квалификациясын жогорулатуу тууралуу сертификаттарынын көчүрмөсү;

 

     Конкурска катышууну каалаган жарандар, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 131, № 208 же 210 - каб. дареги боюнча конкурстун жүрүшү жөнүндө жарыя газетага жана веб-сайтка жарыялангандан күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде көктөмөгө тигилген  документтерин берет.       

      Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.