Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишти пландаштыруу, статистика жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (С-А) – 1 бирдик.
Квалификациялык талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
2. Кесиптик билим деңгээли.
- мамлекеттик аудит жана контролдоо, экономика, финансы жана укук жаатында жогорку кесиптик билими;
3. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
Эмгек стажысы талап кылынбайт.
4. Кесиптик компетенциялары
Билими:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы № 01-3/96 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы №01-08/60 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодекси;
5. Кызматтык милдеттемелерин аткаруу үчүн, зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Чет тилдерин билүү (жакшы болмок).
6. Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды (Word, Excel, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) иштей билүү, анын ичинен билгичтиги:
- Бет ачарларды уюштуруу;
- Тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
- издөө тутумун пайдалана билүү;
- кызматтык этиканын ченемин эсепке алуу менен, социалдык тармактарда туура өз ара аракеттешүү;
- маалыматтарды таблица, графика жана диаграмма түрүндө берүү;
- уюмдун веб-конференц-байланыш тиркемесин пайдалануу;
- видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени пайдалануу;
- антивирустук программаны пайдалануу;
- шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо;
- логин жана шарттуу белгини орнотуу;
- компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
Билгичтиги:
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
- командада иштөө.
Ыкмалары:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу;
- эл алдында чыгып сүйлөөлөрдү, жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык каттарды даярдоо.
Кызматтык милдеттенмелер:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этика кодексинин ченемдерин сактоо;
- Эсептөө палатасында бекитилген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөөнүн тартибин жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн эрежелерин сактоо;
- кызматтык милдеттенмени аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин колдоо;
- долбоорлорду даярдоого жана Эсептөө палатасынын аудитордук иш-аракеттеринин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышат;
- Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин жыйынтыктары боюнча кварталдык жана жылдык статистикалык отчетторду даярдоого катышат;
- Эсептөө палатасынын буйруктарынын жана сунуштарынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо;
- аудиттин жыйынтыктарына статистикалык эсепке алууну жүргүзөт;
- Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдары үчүн зарыл болгон материалдарды даярдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтардын жана каттардын долбоорлорун даярдоого катышат, бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптарына жоопторду даярдайт;
- Эсептөө палатасынын ички ченемдик документтерин даярдоого катышат;
- кызматтык милдеттерине байланыштуу маселелер боюнча бөлүм башчысынын жеке тапшырмаларын аткарат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын чегинде коррупцияга каршы күрөшүүнү жүзөгө ашырат.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди көрсөтүү зарыл:
1) өздүк арыз (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);
2) кадрдын эсепке алуу боюнча барагы 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);
3) автобиография (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);
4) резюме 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен;
5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
6) нотариус тарабынан же иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө дипломдун, квалификациясын жогорулатуу тууралуу сертификаттарынын көчүрмөсү;
Конкурска катышууну каалаган жарандар, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 131, № 208 же 210 - каб. дареги боюнча конкурстун жүрүшү жөнүндө жарыя газетага жана веб-сайтка жарыялангандан күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.