Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Аудитордук ишти пландаштыруу, статистика жана отчеттуулук бөлүмү

Жетектөөчү адис (К-А) - 1 бирдик

 

ЭССЕНИН ТЕМАЛАРЫ:

(бош кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерге ылайык келиши керек (Жобонун 48 п.)

 

1. Менин жашоомдогу статистика;

2. Кыргыз Респубикасынын Эсептөө палатасынын ишинде статистиканын ролу жана мааниси;

3. Кыргыз Респубикасынын Эсептөө палатасынын ишинде пландоонун мааниси;

4. Кыргыз Респубикасынын Эсептөө палатасында статистиканын зарылчылыгы жана маалымат базасын карап чыгуу;

5. Кыргыз Респубикасынын Эсептөө палатасынын отчётуна киргизүүгө тийштүү көрсөткүчтөр.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын алдын алуу максатында жана  калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоону жана жазылган чараларды сактоону камсыздоо кызыкчылыгында, талапкерлер имаратка жана залга бет кап жана кол кап менен гана киргизилет. 

 

[1] Аңгемелешүү өткөрүлгөн күнү талапкерлер эссе даярдашат. 

Конкурстун көрсөтүлгөн этабы башталганга чейин каттоо баракчасына ылайык, эссе аткарыла турган тилди (кыргыз/орус) көрсөтүү менен талапкерлер паспорту менен каттоодон өтүшү керек. Талапкерлердин бири (алфавит боюнча тизмеде биринчи турган) кокустан тандоо ыкмасы менен эссенин темасын тандап алат. Эссе түзүүгө 30 мүнөт бөлүнөт.

Талапкерлер тарабынан эссе, белгиленген формадагы бланкада  жана түзүмдө  кызматтык документтерди тариздөө талаптарын сактоо менен, Times New Roman  14 шрифти  жана  бир жарым интервал  менен, 2ден кем эмес баракта, конкурстун катышуучусу  мамлекеттик же расмий тилди тандап, компьютерди колдонуу менен аткарылат.

Эссени аткаруу аяктагандан кийин, иш бир нускада басылат, конкурстун катышуучусу иштин ар бир барагын парафирдейт (аты-жөнү көрсөтүлөт жана колу коюлат) жана конкурстук комиссияга берет.