Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

    Аудитке райондук мамлекеттик администрация, Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Өзгөн  башкармалыгы, Өзгөн районунун айыл аймактары, Өзгөн районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын  муниципиалдык  ишканалары камтылды.

    Бюджеттик мекемелерде жана Өзгөн  районунун айыл аймактарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысы болуп 23995,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен: акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 18,2 миң сом, эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 140,8 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз чыгымдоо 803,3 миң сомго, сапар чыгымдарына ашыкча төлөө 126,0 миң сомго, казыналыктын тутумунан кыйгап өтүү менен пайдаланылган атайын каражаттар 92,6 миң сом,  курулуш куроо иштеринин көлөмүн жана наркын ашыруу 1362,1 миң сомго, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 475,7 миң сомго, дебитордук карыздын эсебин жашыруу жана кредитордук бересенин эсебин жогорулатуу  20566,5 миң сомго, бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери 202,5 миң сомго жана Социалдык фондго кошумча эсептелген кирешелер 208,0 миң сомго. 

Каржылык бузуулардан 23913,0 миң сом өндүрүлүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 23048,9 миң сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, 1410,3 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, анын ичинен: электр энергиясын жана күйүүчү майлардын ченемден ашыкча пайдалануу 26,3 миң сом,  эмгек акына негизсиз төлөөлөр 724,0 миң сом жана башка жоготуулар 660,0 миң сом.