Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Аудитке райондук мамлекеттик администрация, Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Ала-Бука  башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары, Ала-Бука  районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын  муниципиалдык  ишканалары камтылды.

Бюджеттик мекемелерде жана Ала-Бука районунун айыл аймактарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысы болуп 2472,9 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен: акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 193,3 миң сом, эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 9,0 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз чыгымдоо 76,2 миң сомго, сапар чыгымдарына ашыкча төлөө 91,5 миң сомго, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 624,2 миң сомго, дебитордук карыздын эсептөө боюнча жашыруу 1009,1 миң сомго, бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери 155,9 миң сомго жана Социалдык фондго кошумча эсептелген кирешелер 313,7 миң сомго. 

Каржылык бузуулардан 2472,9 миң сом өндүрүлүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 1757,5 миң сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, 244,8 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, электр энергиясын жана күйүүчү майлардын ченемден ашыкча пайдалануунун натыйжасында.