Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм!

Финансы системасы коомдун турмушуна негиз салуучу ролду ойнойт.  Анын натыйжалуу иштеши – экономиканын  бардык чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүгө, социалдык программаларды ишке ашырууга, ошондой эле  өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жараша болот.

Бул биринчи кезектеги милдет, Сиздерден жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү, кынтыксыз ак ниеттүүлүктү жана чынчылдыкты талап кылат. Мындан ары бул сапаттар, республикабыздын  финансисттерин дайыма айырмалап турат жана анын жайлуулугун бекемдөөгө олуттуу салымды камсыз кылат деп терең ишенем.

Финансы чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерине алдыга койгон максаттарына жетишин, жемиштүү иштешин, эмгегинин үзүрүн көрүшүн каалоо менен бирге, ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди  каалайм.

 

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы   

 У.А. Марипов