Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Чүй областындагы Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 6  млн. 830,4 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 2 млн. 803,9 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу – 2 млн. 75,0 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 1 млн. 534,8 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 110,0 миң сом;
  • бюджеттин жана Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 135,1 миң сом.

Мындан тышкары, 9 млн. 592,4 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 6 млн. 143,3 миң сом.

Аудиттин материалдары Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.