Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Талас областындагы Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас  райондорунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 12 млн. 73,7 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Бакай-Ата району

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы менен, район боюнча 1 млн. 207,4 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен ири суммадагы каржы бузуулары төмөнкүлөр:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 1 млн. 164,0 миң сом;
  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 28,0 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз эсептен чыгарылышы – 15,4 миң сом.

Мындан тышкары, 967,3 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды. Каражаттардын рационалдуу эмес пайдаланылышы – 204,5 миң сом.

Кара-Буура району

Район боюнча бардыгы болуп 5 млн. 23,5 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен ири суммадагы каржы бузуулары төмөнкүлөр:

  • дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу –3 млн. 994,3 миң сом;
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 714,5 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 180,9 миң сом.

Мындан тышкары, 5 млн. 639,6 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды. Каражаттардын рационалдуу эмес пайдаланылышы – 309,7 миң сом.

Манас району

Район боюнча бардыгы болуп, 1 млн. 709,4 миң сом суммасында каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ири суммадагы каржы бузуулары төмөнкүлөр:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 1 млн. 683,1 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз эсептен чыгарылышы – 26,3 миң сом.

Мындан тышкары, 220,9 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды. Каражаттардын рационалдуу эмес пайдаланылышы – 7,3 миң сом.

Талас району

Район боюнча бардыгы болуп, 4 млн. 133,4 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 3 млн. 263,7 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 783,6 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз эсептен чыгарылышы – 61,9 миң сом.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 662,8 миң сом;

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 3 млн. 467,8 миң сом.

Аудиттин материалдары Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас  райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.