Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясынын 2020-жылдын 11-мартындагы №2 протоколуна ылайык, ички резервде турган, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрлары:

      1) Бекбасаров Максат Рафиковичке,  административдик мамлекеттик бош кызмат ордун ээлөө боюнча - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын стратегиялык өнүгүү, методология жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн аналитиги (Г-Б) квалификациялык талаптарына ылайык;

      2) Мажинова Жылдыз Темирбековнага жана  

      3)  Куттубай кызы Асемге, административдик мамлекеттик бош кызмат ордун ээлөө боюнча  - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө эксперти (С-А) квалификациялык талаптарына ылайык, предметтик тест боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүү үчүн уруксат берилди.

 

Предметтик тест боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүү күнү жана убактысы:   2020-жылдын 6-апрели, башталышы  саат 10.00.

Өткөрүлүүчү жер:    Бишкек ш., Чүй проспектиси 122, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын Тестирлөө борбору,  № 301 кабинет  (Панфилов көчөсү тарабынан кирет,  “Бейиш” МБ имаратына багыт алуу керек,  КР Өкмөтүнө караштуу ММКФнын жанында).     

 

Талапкерлердин өзү менен кошо паспорту болушу керек.