Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен, жалпы суммасы 29 млн. 209 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин материалдары боюнча, аныкталган каржы бузуулардын ичинен 29 млн. 144 миң сому эмгек акыларын негизсиз төлөө, деп аныкталды. Тактап айтканда, Эмгек кодексинин 106-беренесин бузуу менен, Борбордук аппараттын жана министрликтин ведомстволук мекемелеринин бардык кызматкерлерине ченемден сырткары жумушчу күн үчүн, 21 млн. сомдон ашык негизсиз төлөмдөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле, тиешелүү ченемдик-укуктук актынын жок болгондугуна карабастан, Борбордук аппараттын жана Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызматкерлеринин эмгек акыларына, компьютерде иштөөдө зыяндуулук үчүн 7,8 млн сом суммасында үстөк акы төлөнгөн.

Ведомстволук мекемелерде иш сапар чыгымдарына үстөк акы жүргүзүү, автоунааларды (7 автоунаа) күтүү боюнча белгиленген лимиттен сырткары чыгымдоо, товарларды жана кызматтарды сынаксыз сатып алуу, берилген ссудалар боюнча жумуштан бошотулган кызматкерлердин карыздарынын болушу аныкталган. Ошондой эле, Окуу борборунда окутуунун баасына факт жүзүндө иш сапарга чыкпаган жергиликтүү тренер-окутуучулардын иш сапарларына кеткен чыгымдары кошо эсептелген. Жыйынтыгында, 1 млн. 884 миң сом суммасында негизсиз киреше алынган.

КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин өткөрүлгөн отурумунун жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, аныкталган каржы бузууларды жоюу жана мындан ары ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштары аудит объектисине жөнөтүлдү.