Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Чүй областындагы Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 3 млн. 386,4 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 1 млрд. 533,4 миң сом;
  • курулуш-куруу иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 284,5 миң сом;
  • каржы булактары жок туруп, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражаттарды максатсыз бөлүү – 1 млрд. 355,3 миң сом.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен, аудит учурунда 139,5 миң сом калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, 2 млн. 436,7 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 804,7 миң сом;

Каржы бузуулардын эң ири суммасы төмөнкү айыл өкмөттөрдө аныкталган:

  • Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы – 1 млн. 355,3 миң сом;
  • Бурана айыл өкмөтү – 997,4 миң сом;
  • Сайлык айыл өкмөтү – 644,4 миң сом;
  • Шамшы айыл өкмөтү– 185,8 миң сом;

Аудиттин материалдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.