Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Чүй областындагы Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 1 млн. 850,3 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 964,1 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу – 737,3 миң сом;
  • бюджетке кошумча чегерилген кирешелер – 106,3 миң сом.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен, аудит учурунда 469,1 миң сом калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, 3 млн. 724,7 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 253,8 миң сом;

Каржы бузуулардын эң ири суммасы төмөнкү айыл өкмөттөрдө аныкталган:

  • Орловка шаарынын мэриясы – 698,6 миң сом;
  • Алмалуу айыл өкмөтү – 103,2 миң сом;
  • Кара-Булак айыл өкмөтү – 664,0 миң сом;
  • Кичи-Кемин айыл өкмөтү– 350 миң сом;
  • Кемин шаарынын мэриясы –аныкталгнан бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 727 миң сом;
  • Чым-Коргон айыл өкмөтү – башка мамлекетик органдардын пайдасына акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө бир катар соттук чечимдердин болушуна байланыштуу, аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 1 млрд. 757,7 миң сом.

Аудиттин материалдары Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.