Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде бюджеттин аткарылышына жана анын ведомстволук ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудит, 2016-2018-жылдары Саламаттык сактоо министрлигинде, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Улуттук энеликти жана балалыкты коргоо  борборунда  өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарды дарылоого багытталган республикалык  бюджеттин каражаттарынын  натыйжалуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле, 2018-жылга Ош мамлекеттик университетинде, Ош технологиялык университетинде жана анын ведомстволук Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө жалпы маалымат угулду. 

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.