Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын талкуулады.

Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы 109 млн. 155,9 миң сом суммасында төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды, алардын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 480,7 миң сом;
  • курулуш-куруу иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 105 млн. 258,2 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 31 млн. 864,7 миң сом кайтарылды). Алардын ичинен:
  • Бишкек-Ош унаа жолун реабилитациялоо, 4-Фаза, жол-курулуш иштеринин бузуулары жана кемчиликтери жалпы баасы 421 миң АКШ долларында аныкталды;
  • “Тараз-Талас-Суусамыр” автожол долбоору боюнча, 3 фаза, жол-курулуш иштери 807,7 миң АКШ доллары суммасында бузуулар аныкталган;
  • “Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу” долбоору, Арал-Казарман участогу, 2-Фазасы подрядчынын эсебиненкайра жасала турган кемчилиги бар жумуштардын жалпы наркы 140 миң АКШ долларын түздү. (аталган бузуулар толугу менен жоюлду).

Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыз 3 млн. 144,2 миң сомго аныкталган (аталган бузуулар жоюлду).

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 108 млн. 675,2 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 35 млн. 29,5 миң сом кайтарылды.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар - 3 млн. 606,4 миң сом.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 10 млн. 283,5 миң сом.

 КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары тиешелүү органдарга маалымат үчүн жиберилди.