Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Дүлөй балдардын республикалык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын 85 жылдык мааракесинин урматына материалдык жардам көрсөттү.

Бишкекте 2019-жылдын 6-декабрында мектептин мааракесин майрамдоо алкагында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Улукбек Марипов, бардыгын өткөрүлүп жаткан маараке менен куттуктап, балдарды коомчулукка социалдык жактан ыңгайлаштыруу жана андан ары интеграциялоо багытында ар тараптан өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан түйшүктүү иштери үчүн, мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле, ар кандай спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышып жаткан таланттуу балдарды колдоп-өстүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн. Мектеп-интернатта 316 бала окуйт, педагогикалык жамааттын саны – 88, алардын он алтысы КР “Билим берүү отличниги”.

Мектепте 32 окуу кабинети, 2 спорт зал, стадион, социалдык-тиричилик багыттагы кабинеттер, информатика кабинети, тигүү жана кол эмгек бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кабинет, китепкана жана жатакана бөлмөлөрү бар.