Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 28-29-ноябрында Ереван шаарында (Армения) Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) коллегиясынын биргелешкен отурумуна катышууда.

Аталган иш-чарада Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын АЖО катышуучулары бажы алымдарын чогултуу жана аларды мүчө-мамлекеттеринин бюджеттерине киреше катары эсептөө маселеси боюнча биргелешкен контролдоо иш-чараларынын жыйынтыктарын талкуулашат. Мындан тышкары, күн тартибинде 2020-жылга Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудиттин планын бекитүү маселеси турат.

Жолугушуунун соңунда коллегиялардын биргелешкен отурумунда чечим кабыл алынып, ЭАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен контролдоо иш-чараларынын жыйынтыктары жөнүндө отчет кабыл алынат.