Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2019-жылдын 18-октябрында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Өз сөзүндө Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, Эсептөө палатасынын системасынын өнүгүшүнө кошкон ар бир кызматкердин  баа жеткис салымын белгиледи. «Эсептөө палатасы аталган 23 жыл кыска мөөнөттө мамлекеттик башкаруу органдарынын системасында өзүнүн эффективдүүлүгүн жана функционалдуулугун көрсөтө алды. Анын ар бир жетишкендигинин аркасында кызматкерлердин баа жеткис салымы турат. Жамааттын тырышчаактыгы, эмгекчилдиги жана ак нитеттүүлүгүнүн жардамы менен биз алдыга коюлган максаттарга жана өнүгүүнүн стратегиялык программаларын ишке ашырууга терең ишенем», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле, У.Марипов мамлекеттик акча каражаттарды чыгымдоонун эффективдүү жана ачык-айкын системасын түзүү, колдо бар ресурстарды жана каражаттарды эске алуу менен аудиттерди пландоо процесстерин оптималдаштыруу, ошондой эле кадрдык потенциалды жана аудиттердин сапатын жогорулатуу боюнча бирдиктүү иш-чаралар пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.  

Сөзүнүн аягында Эсептөө палатасынын башчысы кызматкерлерге чың ден соолук, иштерине ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Андан сон иштеринде жакшы натыйжа жана ийгиликтерге жетише алган кызматкерлерди сыйлыктар жана ардактуу граматалар менен сыйлоо аземи өткөрүлдү. Ошондой эле, Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана спорттук иш-чараларга катышкан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.