Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылга карата Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы каралды. Мындан тышкары, жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги 2016-жыл үчүн жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, отурумда «2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбооруна даярдалган корутунду каралды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.