Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу бюджеттик мекемелеринде жана чарба эсептеги түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 1 млн. 624,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Аймактык түзүлүшү тарабынан 2017-2018-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында белгилүү болду.

Аудиттин маалыматы боюнча, аныкталган жалпы каржылык бузууларды ичинен төмөнкү эң көп суммадагы каржылык бузуулар аныкталды:

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 327,7 миң сом суммасында белгиленди, анын ичинен негизсиз сый акы төлөө – 139 миң сом.

Аныкталган каржылык бузуулардын ичинен 1 млн. 584,4 миң сом суммасы кайтарууга тийиш. Аудиттин учурунда 1 млн. 396 мин сом өндүрулүп кайтарылды.