Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чүй областындагы Жайыл районунун жергиликтүү бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 3,1 млн. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас областтары боюнча Аймактык түзүлүшү тарабынан 2016-2017-жылдар үчүн Чүй областынын Жайыл районунун жергиликтүү бюджеттерин түзүү жана аткарууга, ошондой эле бюджеттик мекемелердин бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын колдонулушуна аудит жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, район боюнча, 3 млн. 102,4 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды, анын эң көбү: каражаттарды сарптоодо тартип бузуулар жана жетишпестиктер (2 млн. 486,7 миң сом). Кайтарууга тийиш аныкталган 1 млн. 500,9 миң сом сумманын ичинен аудиттин жүрүшүндө 360 миң сом кайтарылды.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 2 млн. 847,2 миң сом суммасында аныкталды, анын ичинде: товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден тышкары чыгымдары – 1 млн. 183,7 миң сом.

Эң ири каржылык бузуулардын суммасы төмөнкү мекемелерде жана уюмдарда табылды:

  1. Жайыл айыл өкмөтү – 1 млн. 682,1 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды (эмгек акыларынын негизсиз төлөмдөрү – 833,3 миң сом, көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар – 848,8 миң сом).
  2. Красновосточный айыл өкмөтү –648,6 миң сом,
  3. Полтавка айыл өкмөтү – 646,6 миң сом,
  4. Сары-Коо айыл өкмөтү – 607,5 миң сом,
  5. Ак-Башат айыл өкмөтү - 289,5 миң сом.

Аудиттердин материалдары Аймактык түзүлүшүнүн жыйынында Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчилигин, айыл өкмөтүнүн башчыларын жана финансы кызматкерлерин чакыруу менен каралды. Аудит жүргүзүлгөн бардык мекемелерге жана уюмдарга аныкталган каржылык бузуулар жана жетишпестиктерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн аудитинин материалдары, тактап айтканда 607,5 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын кем чыгышы жана Жайыл айыл өкмөтүнүн 781,6 миң сом суммасындагы эмгек акыларды негизсиз төлөмдөрү тууралуу маалыматтар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.