Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 31 млн. 308,3 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Аймактык түзүлүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында белгилүү болду.

Жүргүзүлгөн аудиттердин натыйжасында аныкталган 31,3 млн. сом каржылык бузуулардын ичинен 30 млн. 24,3 миң сом суммасы туура эмес сарпталган, бюджетке  жана Социалдык фондко 1 млн 245,5 миң сом ашыкча берилип кеткен жана 38,5  миң сомго - товардык-материалдык баалуулуктар кем чыккан.

 

3 млн. 898,9 миң сом суммасындагы кайтарууга тийиш бардык каржылык бузуулардын ичинен аудиттин жүрүшүндө 3 млн. 345,5 миң сом кайтарылды, кайтарууга тийиш – 553,4 миң сом.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 2 млн. 764,8 миң сом суммасында аныкталды.

Аудит Ош шаардык мэриясында, КР Финансы министрлигинин Ош башкармалыгында жана ошондой эле Ош шаарынын бюджеттик жана муниципалдык ишканаларында жүргүзүлдү.