Социалдык контракт программасынын натыйжалуулук аудитинин жыйынтыгы чыкты
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган «Социалдык контракт» программасына жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Аудит көрсөткөндөй, программа жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууда, өз алдынча иш менен камсыз болуусунда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө оң натыйжаларды берүүдө. Жардам алгандардын басымдуу бөлүгү бөлүнгөн каражатты мал чарбачылыгы, тигүүчүлүк жана чакан ишкердик сыяктуу киреше алып келүүчү багыттарга туура пайдаланышкан.
Ошол эле учурда, аудиторлор программа азырынча катышуучулардын жакырчылыктан толук жана туруктуу чыгуусун камсыздай электигин белгилешет. Талдоого ылайык, жарандардын кирешеси мурдагыга караганда өскөнү менен, алардын басымдуу бөлүгүнүн орточо кирешеси дагы эле жашоо минимумунун деңгээлине жете элек.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар системалык көйгөйлөр жана бюджеттик каражаттарды негизсиз төлөө фактылары аныкталды. Алсак, электрондук маалыматтык системалардын жетишсиз интеграциясы, катышуучуларды тандоодогу мүчүлүштүктөр, бизнес-пландардын үстүртөн түзүлүшү жана кирешелердин өсүшүнө эмес, жөн гана мүлктүн сакталышына багытталган үстүртөн мониторинг терс таасирин тийгизүүдө.
Эсептөө палатасы программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдарга санариптештирүү процессин тездетүү, бизнес-пландаштыруу менен окутууну күчөтүү жана негизги көңүлдү каражат бөлүүгө гана бурбастан, ишкердиктин туруктуулугун камсыз кылууга сунуштады.







