Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН ЫСЫК-КӨЛ ЖАНА НАРЫН ОБЛУСТАРЫ БОЮНЧА АЙМАКТЫК БӨЛҮМДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Аудитордук ишмердүүлүктүн планына ылайык, аймактык бөлүм тарабынан 2024-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Социалдык тармактарда бул аудиттин материалдары бурмаланып тарап жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү мамлекеттик аудиттин терминологиясын манипуляциялоону токтотуу максатында расмий түшүндүрмө берет.

826,7 млн сом «уурдалган» же «коромжуга учураган» деген ырастоолор толугу менен чындыкка коошпойт. Мамлекеттик аудиттин стандарттарына ылайык, аныкталган финансылык бузуулардын жалпы көрсөткүчү түздөн-түз финансылык зыян келтирүү фактысын эмес, процедуралык, эсептик жана мүлктүк шайкешсиздиктерди камтыйт. Көрсөтүлгөн сумманын басымдуу бөлүгү — бул бухгалтердик эсепти (анын ичинде дебитордук жана кредитордук карыздарды эсепке алууну) жүргүзүүдөгү 332,2 млн сомду түзгөн каталар болуп саналат, алардын 331,8 млн сому (99,8%) текшерүү процессинде эле калыбына келтирилди. Башка ири бөлүгү — муниципалдык мүлк объекттерин эсепке алуу жана инвентаризациялоо боюнча 390,3 млн сомдук процедуралык маселелер, мында бардык объекттер ордунда бар, бирок аларды тийиштүү түрдө бухгалтердик жактан тариздөө талап кылынган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү калыстык жана объективдүүлүк принциптерин сактоо менен, мыйзам чегинде гана иш алып барат. Текшерүү учурунда аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары — анын ичинде «Мүлк» МИ, Дене тарбия жана спорт бөлүмү жана «Автобекет» МИ боюнча материалдар — укуктук баа берүү үчүн Ысык-Көл облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик органдын пландаштырылган контролдук иш-чараларын саясий спекуляциялар үчүн пайдалануу аракеттерине жол берилбеши керек. Коомчулукту расмий документтерге жана текшерилген фактыларга гана ишенүүгө чакырабыз.