Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин борбордук аппаратында, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө, ага караштуу кызматтарында жана мекемелеринде 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзүүнү аяктады.  
​Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 110 181,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Аудиттик иш-чаралардын жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 797,6 миң сомдун 10 115,9 миң сому бюджетке кайтарылды.  
​Аудиттин жүрүшүндө тиешелүү бюджетке каражаттарды чегерүүдө 9 712,1 миң сом, ал эми бюджеттик каражаттарды башкы бөлүштүрүүчүлөр тарабынан белгиленген ченемдерден ашыкча негизсиз бөлүштүрүүдө 1 096,3 миң сом өлчөмүндөгү бузуулар белгиленген.

Ошондой эле башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылуучу чыгымдарды бюджеттик каражаттардан төлөө боюнча 485,3 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 80,0 миң сом кайтарылган эмес. Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 2 103,3 миң сомду түзүп, анын 317,2 миң сому бюджетке калыбына келтирилди.  
​Мындан тышкары, милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо боюнча 80 835,2 миң сом өлчөмүндөгү ири бузуу катталып, анын ичинен 5 110,4 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, иш жүзүндө 90,8 миң сому кайтарылды. Ссудалык жана кредиттик каражаттарды берүүдөгү жана пайдалануудагы 2 826,8 миң сомдук бузуулар толугу менен бюджетке кайтарылды. Бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу 11 574,6 миң сомду түзүп, калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 6 965,0 миң сомдун 6 881,1 миң сому калыбына келтирилди. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулардын суммасы 1 548,0 миң сомду түздү.  
​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Финансы министрлигинин борбордук аппаратына, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнө, караштуу кызматтарына жана мекемелерине аныкталган мыйзам бузууларды толугу менен четтетүү, калган карыздарды бюджетке өндүрүү жана финансылык тартипти чыңдоо багытында милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.  

2026-жылдын 4-6-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын окуу борборунун базасында “Практика жүзүндө аудиттин сапатын чыңдоо – финансылык аудитте жана натыйжалуулук аудитинде ISSAI стандарттарын натыйжалуу колдонуу” темасындагы регионалдык семинар болуп өттү. Семинар ИНТОСАИ Өнүктүрүү демилгесинин (INTOSAI Development Initiative – IDI) колдоосу менен уюштурулду.

Аталган иш-чара Борбордук Азиянын аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулук боюнча демилгесинин – CASAI (Central Asia Supreme Audit Institutions Accountability Initiative) долбоорунун алкагында, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай, Польша, Тажикстан жана Кыргызстандын аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) өкүлдөрүн бириктирүү менен, алардын катышуусунда болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар аудиттин эл аралык стандарттарын (ISSAI) колдонуу боюнча билимдерин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ISSAI 140 “АЖОдогу сапатты башкаруу” стандартына ылайык аудиттин сапатын башкаруу практикасын жакшыртуу, ошондой эле кесиптик кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай жана Польшанын АЖО өкүлдөрү аудиттин сапатын камсыздоонун институтционалдык механизми, ошондой эле финансылык аудитте жана натыйжалуулук аудитинде аудиттин сапаты боюнча потенциалды жогорулатуу багытындагы өз тажрыйбалары менен презентация аркылуу бөлүшүштү.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар ISSAI 140 стандарты, аудиттин жогорку органдарына аудиттин бардык түрлөрүнүн сапатын башкаруу үчүн ишенимдүү системалык негиз түзүүгө жардам берет деген бир пикирге келишти. ISSAI 140 стандарты жогорку кесипкөйлүктү арттырып, аудит отчетторуна болгон ишенимди бекемдейт.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, анын күн тартибине бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйындын башында Эсептөө палатасынын кызмат орундарына жаңы дайындалган мамлекеттик инспектордун ант берүү аземи болуп өттү. Мындан сырткары, кеңешменин жүрүшүндө аудитор Алимжан Байгазаков 
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө, ага караштуу кызматтарда жана мекемелерде 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө маалымат берди
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Кеңешинин кезектеги отурумунда 2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары боюнча отчеттор каралды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча бюджеттен каражаттарды алууда жана бюджетке кайтарууда, бөлүштүрүүдө, ошондой эле чыгымдоодо, бюджеттерди аткаруу, мүлктү алууда жана пайдаланууда, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелеринде, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана курулуш-оңдоо иштеринде бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Жалпысынан аныкталган кемчиликтер мекемелердин ишмердүүлүгүн уюштурууда, башкарууда жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ченемдик-укуктук талаптарды сактоо боюнча ички контролду күчөтүү, уюштуруу документтерин колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүү жана башкаруу процесстерин тартипке келтирүү зарылдыгын көрсөтөт.

Министрликке аныкталган мыйзам бузууларды толугу менен четтетүү, ордуна коюу жана  финансылык тартипти чыңдоо боюнча жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

 

​Эсептөө палатасы өзүнүн Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2024–2025-жылдардагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын карады.

​Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен, айрым финансылык бузуулар жана бюджетти башкаруудагы кемчиликтер аныкталган. Алардын ичинде бюджетти түзүүдө жана аткаруудагы бузуулар, мүлктү пайдалануудагы кемчиликтер, эмгек акы төлөө тартибин жана шарттарын сактабастан төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу жана ченемден ашык чыгымдоолор орун алган.

​Мындан сырткары, эсеп жана отчеттуулук тартибин сактоодо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө да бузуулар катталган.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар менен кемчиликтерди жоюу жана бюджетке каражаттарды ордуна коюу үчүн жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөтүү чечимдери кабыл алынды.

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук мекемелеринин 2025-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын өзүнүн Кеңешинде карады.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 2025-жылга 40 571,2 млн сомго бекитилген, Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык такталган бюджети 41 707,6 млн сомду түзгөн. 2025-жылга чыгашаларынын такталган бюджети 42 195,5 млн сомго бекитилип, кассалык чыгымдары 39 439,1 млн сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан Мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен финансылык тартиптин сакталышына жетишээрлик көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн эмгек акыларды төлөө шарттарынын талаптары сакталбастан эмгек акыларды төлөө, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жогорулатуу, Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланууда белгиленген ченемдердин сакталбашы жана негизсиз алынган кирешелер аныкталган.

Ошондой эле, бухгалтердик эсепти так жүргүзүлбөгөндүгүнөн негизги каражаттардын жана дебитордук карыздардын эсепке алынбашы, бирдиктүү казыналык эсептен сырткаркы чыгымдоолор жана бюджеттин жоготуулары белгиленген. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине жана анын ведомсволук мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди четтетүү, ордуна коюлуучу каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча тапшырмалар берилди. Министрликтин алдындагы мекеме уюмдарында аныкталган олуттуу каржылык бузуулар боюнча 3 материал тиешелүү кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү чечими кабыл алынды.

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын өзүнүн Кеңешинде карады.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ММК фондунун                        2025-жылдагы бекитилген бюджети 2 012,2 млн сомго көбөйтүлүп, кирешелер жана чыгашалар боюнча 10 340,1 млн сом суммасында такталган. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча киреше бөлүгү 10 598,0 млн сомду түзүп, план 102,5 пайызга аткарылган. Ал эми чыгашалар такталган планга салыштырмалуу 82,3 пайызга гана аткарылып, 8 505,4 млн сомду түзгөн же               1 834,7 млн сомго аз сарпталган.

Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен, айрым каржылык бузуулар жана бюджетти башкаруудагы кемчиликтер аныкталган, анын ичинен:

Бюджетти түзүүдө жана аткаруудагы бузуулар, эмгек акы төлөө тартибинин шарттарын сактабастан төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү, курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу жана ченемден ашык чыгымдоолор орун алган.

Мындан сырткары,  эсеп жана отчеттуулук тартибин, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар түзөт.

Аудиттин жыйынтыгы менен финансылык тартип бузууларды жана кемчилдиктерди жоюу жана бюджетке каражаттарды ордуна коюу үчүн  жазма буйрук жана сунуштамаларды жөнөтүү чечимдери кабыл алынды.

2026-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик органдарда бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралды.

​Маселелер боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев баяндама жасады. Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде жана алардын ведомстволук уюмдарында 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки жана 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыктарына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетторду карап чыгышты.

​Угулган отчеттордун жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши тийиштүү токтомдорду кабыл алып, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу багытында аталган министрликтерге тиешелүү сунуштамаларды калтырды.

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2026-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Кара-Көл шаарынын 2024-жылдын                          1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган  курулуш-куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында  жалпысынан 21009,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, алар:

- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 12273,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 2412,2 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 9861,2 миң сомду түзөт;

- Мүлктү белгиленген багыты жана/же аны сатып алуудагы максаттарына ылайык эмес пайдалануу 8736,4 миң сом.

  Аудиттин жыйынтыгы  менен:

1. Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында  “Гигант-Строй компани” ЖЧКсы тарабынан  “Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Мусуралиев көчөсүнө 100 орундуу бала бакча куруу иштери” долбоору боюнча  аткарылган курулуш-монтаждоо иштерине аудиттин жыйынтыгында 767,0 миң сомдук негизсиз  кошуп жазууларга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары 20.04.2026-жылдагы №01-3/314 каттын негизинде Кара-Көл шаарынын прокуратурасына жиберилди.

2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган курулуш-куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна  жүргүзүлгөн  аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 9985,4 миң сомдук каржы бузуулар боюнча аудиттин материалдары 10.06.2026-жылдагы №01-3/376 каттын негизинде КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө Башкы башкармалыгына жиберилди.

3. Кара-Көл шаарынын мэриясында жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттен, атайын жана башка каражаттардын эсебинен аткарылган курулуш куроо, оңдоп түзөө  иштерине жана андагы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган жалпы 21009,8 миң сомдук каржы бузуулар боюнча аудиттин материалдары 10.06.2026-жылдагы                         №01-3/375 каттын негизинде Кара-Көл шаарынын прокуратурасына  жиберилди.

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн               2026-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын              2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү. Жыйынтыгында жалпысынан 54264,0 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен 51010,1 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 9697,5 миң сом калыбына келтирилди (бюджет боюнча 174,7 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 9522,8 миң сом). Калыбына келтирилбеген калдык сумма 41313,0 миң сомду түзөт.

Каржылык бузуулар классификатору боюнча:

-Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 194,6 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 106,4 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 88,2 миң сом;

-Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу тартибин бузуу 1467,3 миң сом,  калыбына келтирилүүгө жатпайт;

-Курулуш-куроо иштеринин наркын жана /же көлөмүн жогорулатуу  3137,0  миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 2518,9 миң сом калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 618,1 миң сом;

 -Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 829,3  миң сом, анын ичинен  387,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит учурунда 140,9 миң сом бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 246,4 миң сом;

 -ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар 92,0 миң сом, толугу менен бюджетке калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок;

-Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 42257,3 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит учурунда 2360,7 миң сом калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 39896,6 миң сом; 

-Мүлктү белгиленген багыты жана же аны сатып алуудагы максаттарына ылайык эмес пайдалануу тартибин бузуу 998,4 миң сом, калыбына келтирилүүгө жатпайт;

-Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу 80,7  миң сом,  толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, андан 46,1 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык 34,6 миң сом;

           -Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 228,7 миң сом, толугу менен  калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит учурунда 22,2 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык  206,5 миң сом;

-Ички контроль тутумуна карата мыйзам талаптарын бузуу 4502,3 миң сом, толугу менен бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтирилди;

-Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 83,7 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш,  калыбына келтирилген жок;

-Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, келишимдери жана контракттарды банктык коштоо менен байланышкан бузуулар 255,8 миң сом, калыбына келтирилүүгө жатпайт;

-Кызыкчылыктардын кагылышуусунун, биригүүнүн болушу 90,0 миң сом, калыбына келтирилүүгө жатпайт;

 -Конкурстук сунуштарды баалоодогу бузуулар 46,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок.

  Аудиттин жыйынтыгы  менен: Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 2858,4 миң сомдук каржы бузууларга укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары 29.07.2026-жылдагы №01-3/422 каттын негизинде Баткен областынын прокуратурасына жиберилди.

Отурумдун күн тартибине ылайык, Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев 2025-жыл ичинде социалдык жана саламаттыкты сактоо тармактарында мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары боюнча баяндама жасады.

​Жыйында 2025-жылга карата КР Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнүн ведомстволук мекемелери менен биргеликте бюджетти пайдалануусу боюнча шайкештик аудитинин отчеттору каралып чыкты.

​Ошондой эле «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесине 2018-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил аралыгында бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы да талкууланды.

​Отурумдун соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, мамлекеттик органдарга сунуштамалар жөнөтүлдү.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттикте 2024–2025-жылдарга карата жүргүзүлгөн финансылык аудиттин жыйынтыгында 5 миллион 866,5 миң сомдук эреже бузуулар ачыкталды. Эсептөө палатасынын текшерүүсү мекемеде эмгек акы фондун пайдаланууда жана ички документтерди жүргүзүүдө олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү.

​Аудитте аныкталган эң ири эреже бузуу катары кызматкерлерге негизсиз төлөнгөн миллиондор аталды. Агенттикте төлөмдөрдүн бекитилген тизмегинде каралбаганына карабастан, эмгек акы фондунан кызматкерлерге материалдык жардам катары 5 миллион 586,5 миң сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле мекеменин Жамааттык келишими менен Эмгек акы төлөө боюнча жобонун ортосундагы укуктук карама-каршылыктардан улам, күзгү-кышкы мезгилге тамак-аш даярдоого берилген жардамда 280 миң сомдук ашыкча айырма чыккан. Булардан сырткары, түз каржылык зыян келтирбегени менен, иш кагаздарын жүргүзүүдө процедуралык мүнөздөгү 5 кемчилик катталды.

​Адистердин баалоосу боюнча, мындай жагдай Депозиттерди коргоо агенттигинде ички нормативдик актыларды иретке келтирүү жана эмгек акы фондуна болгон көзөмөлдү күчөтүү керектигин даңазалайт. Мекеменин ички эрежелеринин так эместиги жана өз ара карама-каршылыгы бюджеттик каражаттардын негизсиз сарпталышына түз шарт түзгөн.

​Текшерүүнүн жыйынтыгында Эсептөө палатасы Агенттикке аныкталган укуктук коллизияларды жоюу, каражаттарды негизсиз төлөөнү токтотуу жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча жазма буйруктарды берди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 722 миллион 908,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдун 560 миллион 22,3 миң сому жана 3,8 миң АКШ доллары бюджетке кайтарылды.

​Аудиттин жүрүшүндө эң эле ири мыйзам бузуулар бюджетке кирешелердин өз убагында чегерилбегендигине байланыштуу болгон. Алсак, акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү тескөөдөн түшкөн 535,2 миллион сом, милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 миллион сом жана айып пулдардан 312,7 миң сом бюджетке өз убагында чегерилген эмес. Текшерүү учурунда аталган кирешелердин басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 532,9 миллион сому кайрадан бюджетке калыбына келтирилди.

​Мындан сырткары, министрликте ички финансылык тартип боюнча да олуттуу мүчүлүштүктөр табылды. Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө ченемден ашыкча 47,8 миллион сом сарпталса, товардык-материалдык баалуулуктардын эсебинен 7,7 миллион сом ашыкча чыгымдалган. Ошондой эле бухгалтердик эсептеги каталар, дебитордук карыздарды эсептөөдөгү бузуулар 42 миллион сомду түзүп, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жасалма ашыруу боюнча 5 миллион сомдон ашык каражат аныкталып, толугу менен бюджетке кайтарылды. Ал эми мамлекеттик инвестициялык долбоорлордо ЕАЭБ келишимдерин аткаруу эрежелерин бузуу менен катар 13,8 миллион сомдук мыйзам бузуулар катталган.

​Адистердин баалоосу боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы министрликте жана анын аймактык түзүмдөрүндө ички финансылык контролдун жана бухгалтердик эсептин деңгээли начар экенин айгинелейт. Өзгөчө кирешелерди бюджетке кечиктирип чегерүү, айлык акы жана товардык ресурстарды ашыкча чыгымдоо өңдүү фактылар министрликте финансылык тартипти жана тобокелдиктерди башкарууну чукул арада чыңдоо керектигин көрсөтөт.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине аныкталган мыйзам бузууларды толугу менен четтетүү, калган карыздарды бюджетке өндүрүү жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөттү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү.

​Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион сом салык бюджетке түшпөй калуу тобокелдиги бар экени ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул сумманын ичинен 3 миллиард 211,3 миллион сому кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу иштери башталды.

​​Адистердин баалоосу боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы Салык кызматында ички финансылык көзөмөл начар экенин жана салык башкаруусундагы тобокелдиктерди жөнгө салуу керектигин айгинелейт.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматына аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйрук жана сунуштамаларды берди.

 

Бүгүн, 2026-жылдын 23-июлунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдарда жана мекемелерде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

​Күн тартибине ылайык, КР Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков төмөнкү отчеттор боюнча баяндама жасады:

​- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде (анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө) 2025-жыл ичинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы;

- ​Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана Кызматтын өз бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчету;

​- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде 2024-2025-жылдар аралыгындагы мезгилге карата жүргүзүлгөн финансылык аудиттин отчету.

​Андан сырткары, «Ар кандай маселелер» блогунда КР Билим берүү жана илим министрлигине, учурда — КР Агартуу министрлигине тиешелүү болгон Эсептөө палатасынын 2024-жылдын 23-октябрындагы №01-20/129 жазма буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

​Кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча аудитордук отчеттор бекитилип, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана сунуштарды аткаруу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга жазма буйруктар менен сунуштамалар жөнөтүлмөкчү.

 

         

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын алкагында мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кенен маалымат...