Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында бардыгы – 57 588,4 миң сомго каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 29 495,2 миң сом калыбына келтирилиши керек болсо, (аудиттердин жүрүшүндө 339,0 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 3 854,1 миң сом;
- Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 1 861,8 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш;
- Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же толук эмес чегерүү) – 1 100,7 миң сом;
- Мажбурлап өндүрүү суммаларын (айыптарды, конфискацияларды, депозиттик эсептин талап кылынбаган суммаларын ж. б.), ошондой эле зыяндын ордун толтуруу катары алынган суммаларды бюджетке чегербөө (өз убагында же толук эмес чегерүү) – 813,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 78,5 миң сом толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Тиешелүү бюджетке каражаттарды чегерүү тартибин бузуу – 2 000,0 миң сом;
- Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу – 4 977,4 миң сом;
- Резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу – 98,5 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 5 280,4 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 8 237,8 миң сом;
- ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар – 362,9 миң сом, толугу менен эсепке алынуусу тийиш;
- Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 8 413,9 миң сом, 5 875,2 миң сом калыбына келтирүүсү тийиш;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 8 833,2 миң сом толугу менен эсепке алынуусу тийиш, (аудиттердин жүрүшүндө 253,4 миң сомго эсепке алынган).
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу – 781,6 толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш, (аудиттердин жүрүшүндө 302,9 миң сом калыбына келтирилген);
- Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу – 361,2 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү – 4 826,0 миң сом, толугу менен өндүрүлүүсү тийиш;
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарын сактабоо – 255,9 миң сом, толугу менен өндүрүлүүгө тийиш;
- Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 5 450,6 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш, (аудиттердин жүрүшүндө 36,2 миң сом калыбына келтирилген).
Коллегиянын отурумунун чечимине ылайык, жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө отчёт Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жиберилген. Андан тышкары, аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жана Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жиберилген.
Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунушталды.







